Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Алкымдын аягы азап

Уй артынан укурукка илинген Улан "баатыр"
Өткөн 2006-жылдын декабрь айынын башында Жайыл районуна караштуу Калдык айылынын тургуну, катардагы карапайым фермер Асылбек Коңурбаевдин үйбүлөсү үчүн күтүлбөгөн кырсык болуп, кызыктай окуяга туш болушат. Асылбектин чарбасында иштеген уулу 20 жаштагы Коңурбаев Тагай жана 23 жашар чарба жумушчусу Лысаков Женя экөө түн ичинде карышкыр атмакчы болушуп ууга чыгышат. Көтөргөн мылтыгы райондун борборундагы РИИБде мергенчиликке колдонулат деген чечим менен каттоодо турат. Мылтыктын номери ТОЗ-63, N89020, 16 калибрлүү кадимки "гек" экен. Алаңдаган балдар түн ичинде жардын башынан эле жылтыраган көздөрдү көрүшөт да (айдап баратышкан "Нива" автомашинасынын жарыгына чагылышып, жардын үстүндө жылкылар жайылып жүргөнүн аңдашпай), карышкыр экен деп эки-үч жолу ок чыгарып жиберишет. Үрккөн жылкылардын түзгө чыгып качып баратканын көрө коюшкан балдар жүрөктөрү ооздоруна тыгылган тейден артка карай качышат да, ал жөнүндө эч кимге айтпай коюшат. Коркуп калышкан экен. Эгер алар чындап эле бирөөнүн малына кол салганы чыгышса, жок дегенде бир кол, бир санын кесип кеткенге толук үлгүрүшмөк. Ошол жерден ок даана тийген эки жылкы жан берип, бири жарадар болот.
Бул тууралуу Асылбек Коңурбаев уга электе жылкылардын ээси, Панфилов районунун тургуну Киязов Мансур райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып жиберет. М.Киязов Чүй облусунун ИИБнин начальнигинин иниси экен, ал өзүнүн орунбасарын жөнөтөт. 2-3 күндөн кийин эле айылга милиция толуп кетет. М.Киязов болсо Жайыл колхозунун башкармасынын жылкыларын багып жүрүптүр. Иш менен таанышканы келген Нуржанов Туратбек дагы ошол эле жайылдык, учурунда иштеп кеткен. Асылбек болгон окуянын чоо-жайын Нуржановго түшүндүрөт. "Иттер" байкабай жылкыны атып алышыптыр, кырсык экен, эми чуу кылбай эле үч жылкынын ордун беш эле мүнөттө тургузуп берейин, Мансурду деле абдан жакшы тааныйм, адамгерчилик кылгыла" деп сөзгө келишет. Ошол эле МАИ кызматкерлери машине таап Мансурдун өзүн салып келишип, каалоосу менен тандаган 3 жылкыны жүктөп жеткирип беришет. Эки баш жылкы Авазканов Давлеттики экен, бирөөсү Мансурга тиет. Авазканов өз убагында Асылбектердин айылында ветврач болуп иштеп, кадимкидей жылуу мамиледеги эле адамдар экени да айтылат. "Балдар коркуп жашырбаганда Давлетке келип ошол эле күнү ишти ырбатпай, эч кимдин башын оорутпай эле, уу-чуусу жок ырастап коет элем" деп алакан чабат Асылбек. Ошону менен Давлет Авазканов эч кандай доом жок деген кагазга колун коюп, тындым кылдык деп кол алышат, ал эмес "колхоздун кампасына союлуп келип түшкөн эки жылкыңдын тушун алып кет тезирээк, мага кереги жок" деп эки жылкынын этинен бери кайтарып берет. Атайын колхоздун текшерүү комиссиясынын чечими менен актылашып кол коюлат да, бул иш бүттү деген акыркы чечим чыгат. Ал гана эмес ар жак-бер жактан убара болуп келген милициялардын ар бирине тиешелүү акча-тыйындарын берип жөнөтөт. Бери дегени 8-9 миң сом чыгым болуп ишти бүтүрдүм деп жатса, ортодон Панфилов районунун тергөөчүсү Улан Мамытов дегени Асылбек Коңурбаев тиешелүү жылкыларын берип, алар менен эсептешкени кеткен учурда Женя Лысаковду коркутуп, "Панфилов РИИБсине камайбыз" деп алып жөнөшөт. Ал бала коркконунан, кутулуш үчүн деп карыздап таап келген 500 долларын чөнтөгүнө катып жүргөнүн Асылбекке айтыптыр. Аны эшитип калган эргулдар жол ортосунан опузалап, "канча акчаң бар, алып чык, болбосо түрмөдө чирийсиң" деп коркутат да, чекеге бир коюп 300 долларын У.Мамытов тартып алса, анын жанындагы дагы бири 100 долларын шыпырып алат. Коркконунан аны да Женя кийинчерээк айтыптыр. Муну менен эле токтоп калбаган Улан акең укурукту дагы узун ыргытып, "300 доллар бербесең облпрокуратурага өткөзөм" деп коркута баштайт. "Андай акча азыр менде жок" десе, "анда бир уй-торпогу менен берсең бүт баарын жайгарам" деп көжөлөт. Бир койду "коробкасы" менен алдыңа тартуу кылайын деген Асылбектин сөзүнө кыроо деп да койбойт. Айласы алты түгөнгөн Асылбек мырза ИИМдин коопсуздук кызматына арыз менен кайрылат да алардын кеңешинин негизинде уйлуу болом деген Улан Мамытовду укурукка илип салышат. Үйүнө түшүртүп алган таргыл уйдун артынан кирген коопсуздук кызматкерлеринин торуна чалынган "тентек" тергөөчүнүн учурда уйдун айынан уйкусу качып, шайы ооп турган чагы. "Алкымдын аягы азап" деген ушу. Ал эми республикабызда мындай фактылар канча?..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ




  Молдолор деле өзүнчө күжүң-күжүң...

Кыргызстан муфтийи
Мураталы ажы Жуманов:
"Абийириме ыксыз асылышууда"
- Ажы мырза, бир айдан бери оппоненттериңиз сизге "муфтиятты башкаралгандай диний билими жок, Ош теологиясын гана бүткөн, акча жеген деген олуттуу сындарды айтып жатышат. Ушу айтылгандар чынбы?
- Бисмиллахи рахмани-рахим. Урматтуу момун мусулмандар, иш бар жерде, аракет бар жерде албетте пикир дагы, кемсинтүүлөр дагы болот экен. Ушул муфтий катары менин үстүмдөн ММКларда болуп аткан сөздөр, андагы Анарбай жана Абдулла аттуу жигиттердин айткандары чындыгында өкүнүчтүү жана жазган сөздөрү чындыкка жакындабайт. Мени Ош теология факультетинде окуган дешиптир. Биринчиден, мен ал жерде окуган эмесмин. Мен алгач Кызылкыядагы Хазрети Усман медресесинде окуганмын. 4 жыл мурда муфтий болгонго чейин диний багытта имам, казы болуп иштеп жүрүп, анан ушул кызматка шайландым. Ага чейин Уфадагы Ислам институтун бүтүрүп келдим. Андан сырткары ОшМУнун юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүрдүм. Өтө эле илимдүүмүн дегенден да, өтө эле илимсизмин дегенден да алысмын. Аны эл таразалаар. Андан кийин "Казакстанда 21 муфтий катышкан конференция болуп, бардык муфтий котормочусу жок жүрсө, Мураталы ажы араб тилин билбегендиктен котормочусу менен жүрдү" дешиптир. Мен муфтий болуп дайындалгандан бери Казакстанга барып андай конференцияга катыша элекмин. Анан араб тилин тимеле түш жоруган даражада билген киши эмесмин. Бирок Арабияда окуп, араб улутундагылар менен диний, муфтияттын маселелерин араб тилинде чечкенге билимим жетет. Булардан башка "Мураталы ажы кызмат ордунда калуу үчүн 4 миң доллар сунуштады, ар бириңерге 3000 сомдон берем деди" деген сөздөрдүн баары жалган. Бул жерде жалганды чындай кылып көрсөткөн провокация жүрүп атат.
- А жанагы сиз берген 20 000 сом окуясы диктофонго жаздырылып алынганын кантесиз?
- Ушул экөө келип "жаныбызда аялдар бар, жардам бериңиз" дешкендеринен 20 000 сомду жардам катары бергенмин. Эми жардамды пара деп айтып жатышат. Пара катары берсем далилдешсин. Ансыз деле 2-3 жерде адамдык абийириме ыксыз асылышыптыр. Бул боюнча алар менен мыйзам чегинде сүйлөшөм.
- Президент К.Бакиев бөлүп берген 2 млн. сомдун так жыйынтыгы барбы?
- Ал акчага Кыргызстандагы Казыяттар үчүн 11 жеңил автомашина, компьютерлер, факстар сатылып алынып, таратылып берилген.
- Сизди муфтияттын казынасынан 180 000 сомду менчиктеп алды деген кепчи?
- 180 000 сомду мен ошолордун оозунан угуп атам. Ал кайсы акча, эмне болгон акча - билбейт экем. Муфтиятта ар бир акчанын кирип-чыгышы катталуу да. Анан далилсиз эле каралагандын да чеги болот. Мурда Кудайга койдум дечү элем, эми мыйзам менен сүйлөшпөсөк болбой калды.

Маектешкен Семетей ТАЛАС уулу




 

Футбол
Москва шаарында ХV шериктештер кубогунун алгачкы этабында ойноло турган атаандаштар тайпасы белгилүү болду.
А тайпасы - ЦСКА (Москва, Россия), "Актобе" (Актобе, Казакстан), БАТЭ (Борисов, Белоруссия), "Регар-ТадАЗ" (Турсунзаде, Тажикстан).
В тайпасы - "Дордой-Динамо" (Нарын, Кыргызстан), "Шериф" (Тирасполь, Молдова), "Левадия" (Таллин, Эстония), "Бакы" (Баку, Азербайжан).
С тайпасы - "Шахтер" (Донецк, Украина), "Вентспилс" (Вентспилс, Латвия), "Бананц" (Ереван, Армения), "Пахтакор" (Ташкент, Өзбекстан).
D тайпасы - ОФК (Белград, Сербия), МТТУ (Ашхабад, Түркмөнстан), "Каунас" (Каунас, Латвия), "Сиони" (Болниси, Грузия).

Кышкы VI Азия оюндары
Кыргыз өлкөсү биринчи болуп Чань-Чунь (Кытай) шаарында өтө турган VI кышкы олимпиадага он бир спортсменин жөнөткөнү турат. Алардын ичинен сноубордчулар: Акматалы Паизов, Виталий Ботяйкин, Андрей Вакурин, Алексей Пирогов. Биатлон боюнча Саламат Жумалиев, тоо лыжасынан Иван Борисовдун бара турганы белгилүү болду.

Таэквандо
Чукулда, Алматы шаарында Казакстан өлкөсү өткөргөн ачык чемпионатта биздин кыргыз атлеттерибиз 10 медаль жеңип кайтты. Алтын медаль: Сергей Фаустов (85кг), Олег Лигай (42кг), Дмитрий Ким (57кг), Кадырбек кызы Уултай (40кг); күмүш медаль: Юлия Денисова (58кг), Ростислав О (бир тамгадан турган фамилия) "тыль" жааты, Азиз Даутов (69кг), "тыль" боюнча командалык. Коло медаль: Денис Павлюченко (57кг), спарринг боюнча командалык.

Бокс
Мурдагы күнү (17-январь) Олимпиада жана үч жолку дүйнө чемпиону легендарлуу Мухаммед Али 65 жашка чыкты. Ушу жагдайга карата коомчулук АКШ конгрессине кайрылып, атайын резолюция кабыл алуусун өтүнүп жатышат.

Шахмат
Вейк-ан-Зее(Голландия) шаарында өтүп аткан чоң турнирде үч оюндан 2,5 упай топтоп, Азербайжан гроссмейстери Теймур Раджабов астыга чыкты. 2,0 упай менен: Крамник, Свидлер, Ананд, Тополов, Аронян, Навара келатат.

Даярдаган Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ












'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz