Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Жаңырык

Райхан Абдувалиева:
"Нота билбегендер "да ырдап жүрөт"
Рубриканын бу жолку мейманы - "Периште" тобун түптөп,
он жылдан бери ага өмүр берип келаткан Райхан Абдувалиева.

- Бир жылдан ашуун убакыт мурун эле "Периште" интернационалдык топ болуп түзүлгөнүн кабарладык эле. Азыр кайра башка долбоор менен чыгып жатасыздар. Эмнеликтен, сиз жетекчилик кылган бул топтун кыздары тез-тез алмашып турат?
- Топтун ал курамындагы кыздардын дээрлик баары турмуш куруп кетишти. Селкилерди алып чыксаң, сахнаны татып, үйрөнүп калышканда турмушка чыгып кетишет экен. Ошондуктан, жок дегенде ушул долбоор эки жыл иштесин деген ниетте мен бу ирет көбүнчө мектеп жашындагы, кенже курстагы студент кыздарды алдым. Топтун эң кенжеси жакында эле араң 13кө толду. Эң улуусу - АКЕНА.
- Айтмакчы, Акенаңыз беткабын качан чечет?
- Элге табышмак боло турсун деп атабыз. Акена аталып гана, фамилиясын да айталекпиз. Кызыккандар көп болуп атат. Эгер ал кыздын үнү жок болуп бетин жашырып жүргөн болсо, анда башка сөз эле. Акенанын сонун үнү да, чырайлуу жүзү да, сахнада кыймылы да бар. Музыкалык билими да бар, профессионал ырчы. Ар бир ыры бий менен коштолуп, ар бир ырдын мүнөзүнө жараша кийим тандайт.
- "Акена" долбоору гана чыгып, биз сиздин үнүңүздү көп укпай калдык го?..
- Мага азыр экинчи эргүү келди. Азыр баары жаңы башталгандай сезилип атат. Комуз менен терме, фольклордук ырларды ырдап, костюмумдан тарта улуттук нукка ооп жатам. Эл жарым-жылаңач кийимдерден тажагандай.
- "Периштенин" кыздарынын формалары абдан эле ачык го?..
- Баары жаш. Модадан артта калбай кийингилери келишет. Бирок, аларга силер "Периште" тобунда болгон соң, силер периштесиңер, ачык кийинген болбойт деп акырындан кулактарына куюп келем. Азыр даярдалып аткан формалар денени толук эле жабат.
- Шоу-дүйнө чөйрөсүндө сиздин азыркы командаңыз кандай кабыл алынып атат? Кыздарыңыз туурасында кандай-сын пикир угуп жатасыз?
- Быйыл мына ушул топко он жыл толду. Кесиптеш, сахналаштарымдын баары эле накта "Периште" тобу эми түзүлүптүр деп атышат. Демек, он жыл толгондон кийин гана "Периштенин" жүзү ачылды. Бул дагы Кудай тааламдын жазмышыдыр.
- Он жылдык маараке белгиленбей калбаса керек...
- Буюрса, Спорт ордосуна чогулуп, элдин батасын алабыз. Мурда иштеп кетишкен кыздар, балдардын баарын мейманга чакырып, азыркы "АКЕНА" долбоору чоң шоу даярдайт.
- А сиз мындан ары ал топко продюсердик гана кылуу менен чектелесизби?
- Продюсердик деп аталуудан качайын. Азыр баарын Акена өзү уюштуруп, өзү көзөмөлгө алууда. Кудай буюрса, профессионал, күчтүү продюсер менен кызматташсак деп ойлоп жүрөм.
- Сахнадагы атаандаштыкка туруштук бераласыздарбы?
- Абдан күчтүү атаандаштыкты деле сезген жокмун. Көп жаштар чыгып атат дечи. Менин кыздарым деле алардан артта калбай ийгиликте жүрсүн дейм. Бирок, тигинден ашалы, мындан ашалы деп жасалма жолдорго баруудан алыспыз. Бишкекте №1 кыздар тобу аталууга күжүрмөн эмгек менен жыла беребиз.
- Азыркы жаштардан кимисине назарыңыз түштү?
- Султан, Мирбек жакшы чыкты. Арасында аларга кыпчылып, компьютерге үндөрүн жасап алып чыгып жатышат. Бирок, ал бир күн болбосо, бир күн элге дайын болот. Ал эми чындап күчтүүлөрү да аз эмес. Менимче алардын келечеги кең. Бирок, алардан өтүнөрүм, канча бийик болсо, адамдар арасында ошончолук пас болушу абзел. Бүгүн жылдыз, эртең жөпжөнөкөй адам болуп калышың мүмкүн. Негизгиси, музыкалык билим алышсын. Анткени, сахна ыйык, эгер ага жасалмалуулук менен кыянат кылсаң, ал сени сүрүп чыгарат. Азыр жаштардын көбү "до" деген нотадан да кабары жок.




  Айназиктин аксандык

Махабат дартына чалдыкпаган ким бар. Баарыбыз кабылабыз. Окурман, эгер
сүйүүдөн баш айланып, бактыңыз ашып
турса да, арзыганыңыздан айрылып, кайгыга чөгүп же качанкы бир сезим жүрөк кыйнап, унутулбай жүрсө, же жаңыдан сүйүүгө
кабылып, көкүрөгүңүзгө батыралбай жатсаңыз,
а балким жалгызсырап, сүйүүгө суусап да турсаңыз, "Агымдын" Айназиги бугуңузду бөлүшкөнгө дайым даяр. Кайгылуу болсун, мейли, күлкүлүү болсун, айтор, окуялуу сүйүү баяндары үчүн аксандык ап-ачык!

Жек көрөм сени!
Бүгүн абдан кыйналдым. Оору азабын тартам. Көңүл дартынан жапа чегем. Кыйналам. Баарына сени байланыштырам да, баарына сени күнөөлөйм. Билем, менде да толгон күнөө бар. Бирок, тагдырдын, анын ичинде сенин таш боордугуңа ынандым. Номуруңду бурап: "Жек көрөм сени" дегим келди. Токтотуп калышты жакындарым. Ошол жакындарымдын кармаганынан мен бу жашоодо кармалып жүрөм, сага жек көрүндү болуп. Менден кутулгуң да келип жүргөнүн билем. Бир ирет өзүмө: "Сенден кантип кутулам" деп суроо салганың да эсимде. Ошондо бир кезде сүйөм деп жүрөгүн садага чаап жүргөн сага ушунчалык таңгалдым эле. Чын эле абдан таңдангам. Анткени, жүрөгүмө катып жүргөн сенден ушундай сөз чыгарын күткөн эмесмин. Кол үзөйүн дейм. Жүрөккө биротоло кирип алгансың. Кайра эчнерсе болбогондой, жылуу сүйлөп, арзууңду, сагынычыңды айтасың. Түшүнбөйм сага. Сүйөм дагы, жек көрөм дагы...
БУРУЛСУН, Нарын шаары

Сезимде не айып
Өзүмдөн беш жаш улуу Талант байкени сүйдүм. Жолукканымда чексиз бакытка жеткендей болдум эле. Эч кимге окшошпогон, ушунчалык келишимдүү, жылдызы жанган жан. Дароо эле жүрөктүн төрүнөн орун алган.
Таку байке, назик сезим үчүн күнөөлүү эместирмин. Үйбүлөңүзгө, жеке турмушуңузга бүлүк салгым келбейт. Бирок айып көрбөңүз, мен сизди күтө берем. Акылыма баш ийбеген жүрөк байкушта не күнөө? Чынбы, байке? Сизге арналган ырларым канча. Айтып, жеңилдеп алгым келген сырларым канча. Жадагалса жанды жай койбогон сезимимден да кабарыңыз жок. Тоюңузга баралбадым, анүчүн кечирерсиз. Арзыганыңыздын жүрөгүндө меникинен да ашып-ташкан сүйүү болсун. Сиз деп туруп, сиз деп басып, сиз деп жашап жүргөн
У.Ж., Акталаа, Куртка айылы

Каттарды төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары, 720001, Манас проспектиси, 40, 2-кабат, "Агым" гезитинин "Айназиктин аксандык" рубрикасына же aynazik01@yandex.ru электрондук почтасына жөнөтсөңүз болот.




  Чыныңды айтчы...

"карындаш" "капканга" "түштүбү?
Мектеп жашындагы ырчы кыз Анжеликанын турмушка чыкканы коомчулукта ар кандай ой-пикирди жаратты. Ырчынын жеке абийирине шек келтирген ушак-айың тарады. "Кыздын турмушка чыгарын мурда эле билчү, жөн гана билмексен болуп атат" деп Айчүрөк Иманалиевага да айып таккандар жок эмес. Ушундан улам Анжеликанын өзүнө кайрылып, болгонун-болгондой айтып берүүсүн сурандык.

Жуучулар качан келе баштаган?
Алгач ирет Анжеликанын колун сурап, сентябрь айында куда түшүп келишкен. Ата-энеси таптакыр каршы болуп коюшкан. Атасынын узак иш сапарынан келгенче күтүшкөнбү, декабрь айынын орто ченинен тарта жуучулар кайрадан келе баштайт.

Айчүрөк аныгын мурдатан билчү беле?
Чыгармачылык "энеси" аталган Айчүрөк Иманалиева Анжеликанын турмушка чыкканы абдан эле чоң сокку болгонун жашырбайт. Бирок, айрым басылмалар сахналаш кызынын турмушка чыгарын сентябрдан бери эле билчү деп жазып ийишти. Чындыгында Айчүрөк айым бир-эки жума мурда укканы менен ишенбей коет. Турмушка чыкканын 28-декабрь күнү апасы Гүлина телефон аркылуу кабарлаган. Кыздын ата-энесине каршылыгын билдиргени менен алардын үйбүлөлүк чечимине таасир эталбаганын биздин гезитке кабарлаган эле.

Анжелика эмнеликтен мектепти бүтпөй, турмушка чыкты?
Анжеликанын ата-энеси кыз мектепти бүткөнчө күтө турууну суранганына карабай, куда тарап кайра-кайра келе берген. Таптакыр көнбөгөн ата-энеге 80ге таяп калган апа келип, болочок келининин колун өзү сураганда гана карыяны сыйлаштыбы, айтор, кызын берүүгө макулдук беришкен.

Эмнеге жашырылды?
Эки тарап "Анжеликанын турмушка чыкканын эч ким билбей эле койсун. Жайында эки жаш той өткөрөт. Гезиттер да тойдогу сүрөттөрүн чыгарышканы оң го, ошого дейре эч кимге айтпай күтө туралы" деп чечишкен. Бирок, коомчулуктан жашырып болбойт экен. Аны эске алып, Анжелика бизге жогорудагы маалыматтар менен бөлүшүп, "мектепти бүтпөй турмушка чыккан тарыхтагы биринчи кыз эмесмин" деген ойун да билдирди.

Күйөө бала ким?
Анжеликанын өмүрлүк жубайы - Урмат Бекболиев. 1977-жылы туулган, Таластын Манас айылынан болот. Тогуз биртуугандын кенжеси. Жакында юристтик кесипке ээ болот. Күрөш боюнча спортто да бир топ ийгиликтерге жетишип келген жигит. Анжеликаны ал кичине кезинен бери кошуна үйдүн небереси катары таанычу. Апасы Гүлина Урматтын айылдагы кошунасы, тууганчылык да жайы бар. Урмат "Хитпараддан" баягы секелек эмес, суйкайган сулууга айланган Анжеликаны көрүп, алгачкы жеке концертине барып, аз болсо да, ага катары колдоо көрсөтүп коюуну чечет. Алгач ошол концертте экөө көрүшүп, ырчы анын колунан белекке мобилдик телефон алат. Ошондон тарта Урмат алардын үйүнө Гүлинанын айылдаш иниси катары келип, катышта болуп жүрөт. Бирок, Урмат өзү айткандай, алгач чындап ага катары гана келген, агезде Анжелика анын жүрөгүнүн өзгөчө ээсине айланары жөнүндө ой да жок эле.

Мектепти аяктайбы?
Билим алып жүргөн мектебинен Анжелика бир аз убакыт мурда эле башка мектепке күйөрман жигиттердин айынан которулуп кеткен. Өзүнүн айтымында, экзамендерге атайын курстарга барып даярданып, кандай болгон күндө да мектепти ийгиликтүү аяктоого бүт күчүн жумшайт. Кудай буюрса, мурдатан самап келген кесибине ээ болуу үчүн Москвага аттанат. Албетте, эгер кыргыз театрчыларынын сынагынан өтсө... Жолдошунун да ал жакта жеке бизнеси бар. "Бирок, ошол убакыттын аралыгында да Айчүрөктөн кол үзбөй, кыргыз сахнасында ырдоону улантарыма ишендирем" дейт Анжелика. Айтымында, жолдошу да чыгармачылыкты улантууга каршы эмес.

Бетти даярдаган Айнагүл Сапарбек кызы










'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz