Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Биз экөөбүз

Ыңаалап жарык дүйнөгө келген күнүңдөн тартып, жүрөгүң сокпой, тирүүлүк менен кош айтышкан мүнөткө чейинки мезгил - бул адам баласынын бүтүндөй турмушу. Анын өзөгү ошол турмуштун эки нотасындай болгон аял-эркек мамилеси, о.э. кичинекей үйбүлө мамлекетиңдин түбөлүктүүлүгүн сактап турган сүйүү. Дүйнө түбөлүктүүлүгүн дагы. Мына ушунун баарысы жер планетасынын бүтпөгөн темасына айланып келет. Бүгүн биз да ушул бүтпөгөн үйбүлө, сүйүү темасына кайрылып, андагы аял-эркек мамилеси, ортодогу уруш-талаш, үйбүлөдөгү бийлик жөнүндө кеп козгодук.

"Улгайган сайын уруш-талаштан "алыс болот экенсиң"
- Анарбек агай, эже экөөңүздөрдүн баш кошуп, бирге түтүн булатканыңыздарга канча жыл болду?
- Тамара экөөбүз филармонияга 1981-жылы жаңыдан иштеп келгенде баш кошконбуз. Ойлосоң кечээ эле жаңы таанышып, азыр эле кол кармашып калгандай сезилет. Бирок чыгармачылык менен алпурушуп, командировкалап ар кай жактарда жүрүп, 25 жыл убакыт кандай өткөнү жомок сымал артта кала бериптир. Бүгүн минтип артта калган жаштыгыбызга кылчайып карап, андагы өткөргөн жалындуу күндөрдү эстеп тим болуп отурабыз.
- Жаңы баш кошкон кезде эженин мүнөзү кандай эле, кийин өзгөрүү болдубу?
- Анда Тамара бала кыял, турмуштун көпчүлүк оош-кыйыштарына даяр эмес акыбалда болчу. Кийин мен командировкага кетип, үйбүлө түйшүгүн дээрлик өзү жалгыз көтөрдү. Бир жылда он эки ай болсо ошонун 2-3 айы гана үйдө болчумун, калган убак бүтүндөй сыртта гастролдо жүрүү менен өттү. Ошондо балдар менен үйдө калып, аларга тарбия берүү, мени күтүү түйшүгүн жаштайында көбүрөөк тартты. Анан албетте, өзгөрүү болбой койбойт да. Жашоого калыптанып, ак-караны тандап дегендей... Азыр такыр башкача.
- Убакыт өткөн сайын билинбей эле үйбүлө бийлиги аялдын колуна өтөт дешет. Сиздерде ушул тенденция байкалабы?
- Негизи, башынан эле үйдө акыркы сөз мен тарапта болот. Бирок, бийлик менин колумда деп таңуулап алуудан алысмын. Дайыма балдардын да пикирине көңүл буруп, Тамаранын кеңешин угуп, анан баарысын ортого салып калчап, жубайым менен кеңешип, бир бүтүмгө келебиз. Үйдөгүлөрдүн оюн укпай жалгыз чечим чыгарып, өзүмдүкүн таңуулаганда үйбүлөдө ырк кетип, бири-бирине болгон карама-каршылык пайда болушу ыктымал.
- Мык кагып, отун-суу даярдап дегендей, үйдө өзүңүзгө тиешелүү жумуштарды жасайсызбы?
- Колуман келишинче өзүмө тийиштүү үй жумуштарын калтырбай эле жасап келатам. Азыр балдар чоңоюп, көп нерсеге колум узарып калбадыбы. Болбосо бала кезимен эле эркектин эмес аялдын ишинен бери жасап, апама жардам берип жүрчүмүн. Кийин эжеңе да кол кабыш кылып, үй жыйнашып, тамак жасашып, оорун колдон, жеңилин жерден алып турчумун. Бир кишинин көзүн карап отура берүүгө болбойт да. Балдарга да ошондой тарбия бердик. Алар да апасы жокто үй жумуштарын бүткөрүп коюшат.
- Майрамдарды тосууда, эс алууда үйбүлөдө кандай өзгөчөлүктөрүңүздөр бар?
- Салтка деле өзгөчө басым жасабайбыз. Майрамдарды баарыбыз бир дасторкондо чогуу тосконду жакшы көрөбүз. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк майрамдарда Тамара экөөбүз концерттерде болуп калабыз. Эс алганда дайыма үйдө балдардын маңдайында болуп, алар менен сүйлөшүп убакыт өткөрөбүз.
- Казан-аяк жаш кезекте көбүрөөк кагышабы, же улгайганда уруш көп болобу?
- Эми жашырганда эмне. Жаш кезиңде көптү түшүнбөй, майда-барат нерселер үчүн деле чырдашып калчубуз. Кийим кийбей калдым, биякка барбай калдым деп деле нааразылаша бересиң. А улам убакыт өткөн сайын ушундай майда-чүйдөгө көңүл бурбай, бири-бириңе токтоо мамиле жасап, үйбүлөдө уруш-талаш деле көп болбойт экен.
- Үйбүлөдөгү башкы бакыт деп эмнени эсептейсиз?
- Эң башкы бакыт деп, үйбүлөдөгү аял менен күйөөнүн ортосундагы жакшы мамилени айтар элем. Эгер ортодо урмат-сый, бири-бирин түшүнүү болуп, биринин кемчилигин экинчиси толуктап турса, күйөөсү менен аялы көтөрүмдүү болсо - бул чыныгы бакыт. "Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" дегендей, балдар да ата-энесинин мамилесин көрүп, ошого жараша калыптанышат. Үйбүлө деген кичине өлкөңдү ызаттоо, сыйлоонун өзү бакыт да.
- Балдарыңыздардан сиздердин жолду жолдогондору барбы?
- Уулдарым чыгармачылыктан алыс. Ал эми кичүү кызыбыз Бегайым кичинесинен баштап эле ырга шыктуу өстү. Биз үйдөн музыкалык аспаптарды ойноп, ырдап, машыгып атканда жаныбызга келип, кошулуп ырдап калат. Азыр бала бакчада да майрамдарда ырдап, бийлеп жүрөт. Кызыбызга Кудай талант ыроологон соң чыгармачылык татаал жолдон колдон келген жардамыбызды көрсөтүп, келечегине жол ачып берели деп турабыз. Буюрса, кызыбыздан мыкты ырчы чыгат десем ашыкча болбос.

Рубрикабыздын бүгүнкү меймандары - бир топ жылдан бери чыгармачылыкта да, жашоодо да эриш-аркак жетелешип, турмуштун ысык-суугун бирге көтөрүп келаткан ырчы жубайлар - Анарбек Ибраев жана Тамара Исабекова.




  Үйбүлөлүк бир собол

- Аял башкарган үйбүлөнүн куту жок болобу?
Субайылда Абдыкадырова:
- Илгертеден "Эр баштаган өргө, аял баштаган жерге" деген сөз айтылып келген. Чындыгында, мурда ак элечек энелерибиз акылын айтып, батасын берип гана олтурушкан. Эч качан абышкаларынан жол талашкан эмес. Эгер бир нерсе айткысы келсе акылы менен, нуска сөзү менен ынандырган. Азыркы кезде айрым аялдар иштеп, "мен акча таап атам" деп күйөөсүн жер каратып атышат. Бул эң туура эмес иш. "Аял жакшы эр жакшы" демекчи, аял таап атса да, күйөөсүнүн эмгегин өзүнүкүнөн өйдө коюп турса, күйөөсү эл алдында жүрөт. Бирок ошого жараша жигит да намыстуу, кайраттуу болуусу керек. "Эркек намыстуу болбосо, аял уяттуу болбой" дегендей, эркек киши өз ордун билгени оң.

Асанкожо Айтикеев, кинорежиссер:
- Азыркы замандын алкагы менен үйбүлөдө аялдар үйдө отурбай иштеп, акча табуу жолунда жүрөт. Мисалы, акча таппай, үйбүлөнү бакпай арак ичип жүргөн эркектерди карап отурганда не? Мындайда үйбүлөлүк кризистен, жакырчылыктан арылуу максатында аялдардын иштеп жүргөнүн кантип жаман дейсиң. Үйдө акчаны аял тапса эле аны үй башкарып калды деп түшүнбөш керек. Үйдө акчаны аял табабы же эркек табабы, наның болуп, курсагың ток, көңүлүң ачык болсо, ошол кут да. Эң башкысы, ким тапса да үйгө алып келген нерсе кут, ырыскы болуп эсептелет.

Даярдаган Бурул МУСАБЕКОВА




  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-55-74

Абонент-01. Жашы - 45; бою - 170; жерлиги - Ысыккөл; билими - жогорку; өзү жөнүндө кошумча - мүнөзү токтоо, жөнөкөй; турмуштук абалы - үстүндө үйү, иштеген иши бар. Кандай айымдар менен таанышат - 30-35 жаштардагы түштүктүк же өзбек, тажик улутундагы кыз-келиндер менен таанышат. Эгер жылдыздары төп келишсе, баш кошууга даяр.
Абонент-02. Жашы - 29; бою - 159; жерлиги - Талас; билими - жогорку; өзү жөнүндө кошумча - мүнөзү токтоо, жөнөкөй; турмуштук абалы - иштеген иши бар, мурда турмушка чыккан эмес. Кандай мырзалар менен таанышат - билимдүү, иштеген иши бар, жашоого тың 27-35 жаштардагы мырзалар менен таанышкысы келет. Ажырашкан, бир баласы болсо каршы эмес.
Абонент-03. Жашы - 38; бою - 165; жерлиги - Талас; билими - жогорку; өзү жөнүндө кошумча - өңү чырайлуу, мүнөзү токтоо; турмуштук абалы - иштеген иши бар, мурда турмуштан ажырашкан, 1 баласы бар. Кандай мырзалар менен таанышат - билимдүү, иштеген иши бар, аккөңүл, берешен, шаарда жашаган, моралдык-материалдык жактан жардам берип, жандүйнөсүн түшүнө алган туруктуу дос издейт. Эгер көңүлдөрү төп келишсе, турмуш курууга каршы эмес.
Абонент-04. Жашы - 38; бою - 170; жерлиги - Ош; билими - жогорку; өзү жөнүндө кошумча - мүнөзү токтоо, жөнөкөй; турмуштук абалы - иштеген иши бар, мурда турмуштан ажырашкан, балдары жок. Кандай мырзалар менен таанышат - жогорку билимдүү, иштеген иши бар, ичпеген, жашоого тың 35-45 жаштардагы түштүктүк мырзалар менен таанышат. Бир-эки баласы болсо каршы эмес.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз, же болбосо "Көшөгөнүн" 66-55-74 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай, же жан-дүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе - жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнөтүңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт. Биздин дарек: Бишкек шаары-01, Манас проспектиси, 40,
2-кабат, "Агым" "Көшөгө".




 Пейджер

Урматтуу окурман!
Ар бир жуманын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки саат 10дон 12ге чейин 66-56-70 телефонуна чаласыз. Кыска, 4-5 сүйлөмдөн ашпаган, турмуштук, өзүңүз каалаган зарыл сөзүңүздү айтасыз. Куйкум сөздүү, коомго таамай сын-пикирлерин айта алган, же кызыл тили менен элди кызыктырган окурмандар жеңүүчү аталып, "Пейджердин" белегине татыйт. Ошондой эле, дагы бир нерсени унутпаңыз: кагаз жүзүндө эмес, телефон аркылуу гана кабыл алынат. Экинчи күнү чалсаңыз - бешинчи күнү (жума) гезитке чыгат. "Пейджер" - Сиздин үнүңүз! Телефон: 66-56-70. Чалгыла!

16-январда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
П-1. Базылакунова Гүлназ, сени 14-январь туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сага чың денсоолук, узун өмүр, жаркыраган жаштык, ак кардай сүйүү, окуудагы ийгиликтерди каалайбыз. Досторуң Наргиз, Тома, Чолпон, Жазгүл.
П-2. Курманбек Темирбаевге, Табылды Орозалиевге жана депутат Кубанычбек Исабековго жаңы жылда иштерине ийгилик каалайм. Каныбек.
П-3. 6-январда казак каналында жаштардын бакыт жөнүндө талаш-тартышына күбө болдум. Байлык, бийлик ж.б. дешти. Денсоолук 4-орунда калды. Мен бакыттын башаты - денсоолук деп ойлойм. Кадырлашып кошулган эки жар сыйлашып, ыйман жолу менен өмүр сүрүшсө ошол бакыт го. Ашыкча байлык баш жарарын унутпасак. Караш Насер.
П-4. Ысыккөл облусунун Тоң районунун Караго айылынын тургундары Элал уулу Эркинбекке, Рашит уулу Сыргакка, Үсөй уулу Саткынга жана Кутмидинов Баатырбекке аталык салам жолдойм жана жаңы жылда көп жакшылыктардын болушун каалайм. Кармиев Үсөнакун.
П-5. Сынчы Жамалга: Жамалың айдай жайнаган/Жаныңдан чыкпай айланам/ Жолугуп азыр коштошуп/ Жолуккум келет кайрадан. Ушул ырды "Атага" деген ыр менен салыштырууга болобу? Болот десеңиз "сыңар" өтүгүңүздү чечпестен бийиңиз менен коштоп, ырдай бериңиз, бирок атама дегизип оңдотуп алсаңыз дурус эле болчудай. Күйдүмчок.
П-6. Карасуу райондук автоинспекциясында иштеген Зулпиев Нурбекти өтүп кеткен Курман айт майрамы менен куттуктайм. Жол коопсуздугун сактоодо өрнөк болуу менен зоболоң көтөрүлүп, көп ийгиликтерди жарата бер. Камчыбек Сатаров.
П-7. Падыша айлында жашаган Ташболот жездемди,Чынара эжекемди кирип келген жаңы жылы менен куттуктайм. Чың денсоолукта болушуп, уул-келин, неберелеринин сый-урматын көрүп, береке-байлыкта узак өмүр сүрүшсүн. Кайырса.
П-8. Бакиев кечээ "Ханституцияга"кол койду. Эми демократиясы "дермократиядан" айырмасы жок. Акаев ырымдап оозуна түкүрүп кеткен окшойт. Бахадыр.
П-9. Атактуу Ч.Айтматов М.Шаханов менен берген дилмаегинде философияны айтып эле туруп алышты. Андан көрө Айтматов Шаханов экөө карапайым калктын кара курсагын айтса. Көп эле философияны сайрап атышып суугуна тегеренип кетмей болушту. Дада.
П-10. Аскарга кат! Кат жазды Куке Аскарга/ Айландым сенден садага/ Түшүндүм неге качканың/ Асабаны жапканың/ "Агымды" мен да жабамын/ Билинип атат жеп-чачканым/ Ооруба, Аскар, ооруба/Кат жазды Аскар Кукуга: Жашытып ийдиң садага/ Түшүнүп өткөн катаңа/ Жазында сен да качасың/ Зар болуп менин батама/ Ооруба, Куку, ооруба. Алмаз.
П-11. Кымбаттуу КТРдин кызматкери! Кандайсыз? Карабалтадан качан кайтып келесиз? Келериңизди күтүп,кирпик какпай, көчө карап көзүм кызарып кетти. Кыздарды колтуктап "Койша"кафесине кирип, көңүлү-ңүздү көтөрсөңүз керек. Кылган кылыгыңызды кечирем. Кабарлашыңыз. Киев көчөсүндөгү квартирадан күтөм. Китепканага кирип, К.Каимовдун китебин колуңузга кармап кечикпей келиңиз. Көрүш-көнчө. Кыялкеч.
П-12. Эки сөз бар билип ал/ Башталат аты "С" менен/ Бир "С"нын атын укканда/ Дүйнөнүн эли дүрбөгөн/ Жерден да, көктөн да угулат/ Жер жок го алар жүрбөгөн/ Бир "С"сын айтса СПИД деп/ Бир "С"сын секс дейт экен/ Экөөсү алса биригип/ Тирүүлөй адам жейт экен/ Бул "с" лардан сак болуп/ Эл-журтум аман жүрсө экен. Сейдана Бейшебекова.
П-13. ХИПКке кирбейбиз дейт элдин көбү/ Куткарсын кыңыр ишке алып кынык/Советтик Кыргызстанды - бай өлкөнү/ Карызга батыргандар жарды кылып. Эркин Жаныбеков.
П-14. Нургүл эжеме: Жылмайып күлүп мен үчүн/ Мага арнады бар күчүн/ Ыраазы болом дайыма/ Ырларды жаздым сиз үчүн/ Атыңыз сонун жарашкан/ Чарчабайм дайым сиз үчүн/ Бактылуу күндү каалаштан/ Азыр мен билим жолдо баратам. Алмагүл Мырзаева.
П-15. Кочкор району боюнча он айыл өкмөтү бар. Кудайдын куттуу күнү КТРден 15-196 млн. сом жардам жөнөтүлдү деп жатат. Кочкор эли анын 1 млн. сомун да көргөн жок. "Курманбек Салиевичке ырахмат" дедиртип дүжүрлөрдү сүйлөтүп коет. Бакиев бул акчаны өз чөнтөгүнөн берип атыптырбы? Ар бир айыл өкмөткө 50 мүшөктөн ун, 10 мүшөктөн шекер, 25 кг күрүч, 100 л суу май бөлүндү. Ушул эмне болот? Айыл өкмөттөгүлөр тыткынга түшүп атат. Гүлай
П-16. Ленин атам "оку, оку" деп айткан, Горбачев "кайра куруу" деп айткан, Акаев атам "Кыргызстан - наш общий дом" десе, Бакиев байкем "митинг, пикет, антимитинг" деп айтып элди ошого үйрөттү. Элмира.
П-17. Ормон хандан өттүк го/ Опузалоо жагынан/ Түкүрдүбү өкмөт/ Түшө качты тагынан/ Акылдан, жолдон адашып/ Аңкайдыкпы дал болуп/ Эки өрөөндүн бир жагы/ Турабы дейм шал болуп. Султан Абдрахманов.
П-18. Нарын шаарынын тургуну, бөлөбүз Токтосунов Бейшенбекти туулган күнү менен куттуктайбыз. Чың денсоолук, узак өмүр каалайбыз. Бөлөлөрүнүн атынан Чолпон, Асел, Төкү.
П-19. Бир бомж экинчисине: Быйылкы ит жылы жаман болгон жок, экөөбүз иттерди туурап, таштандыларды шимшилеп жүрө берип жылдын аяктап калганын да сезбептирбиз го, чиркин. Эмки жылыбызды чочко жылы деп атышат. Эми чочколорду туурачу болсок, балчыкка бир, баткакка бир жыгылып, шаарыбызды көркүнө чыгарабыз го, ээ, буюрса. Медербек Сулайманов .
П-20. Жарытылуу тоюнбай/ Жапса да көчүк көрүнүп/ Кумарыбыз ашынып/ Көчөдөбүз элирип/ Жаалданып кол кезеп/ Көрсөтмөк болуп санатты/ Өкүртө гана коебуз/ Ультиматум, талапты. Султан Абдрахманов.
П-21. "Өлүм кетсин!" Адилет.
П-22. Акылбек Жапаров, садагасы! ХИПК, ХИПК дей бербей өзүңдүн Кочкоруң жөнүдө ойлонсоң боло! Карачы, кыштын күнүндө эмне деген турмушту көрүп жатышат. Зарыл Мамбеталиева, пенсионер.
П-23. "Курманбек Салиевич меняет профессию". Иван Грозныйга айланган царь Бакиев контр чабуулун баштады. Княздары менен эки тизгин, бир чылбылды колго алуу жана минүүгө оңой эшегин да көрсөтсө, гимн дирижеру К.Ташиев баш болгон депутаттар колдоп берсе, ал эшек кыдыңдаган бойдон Акүйдүн акырына байланат. Ошондуктан, бийликти Шуриктей кылып химиялык жол менен алмаштырбаса, башка арга калган жок. "Хан күнүмдүк жыргалын кааласа - калктын күнү караңгы" деген ушу. Алмаз.
П-24. Бакиев өзүнүн жазган "Ханституциясынын" аягына "Абсурдстан мамлекетинин президенти" деп кол койсун. Рахат.

Жеңүүчүбүз Адилет (П-21), редакция менен байланышыңыз.

Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА















'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz