Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Сандан санга

Баратбай АРАКЕЕВ
Периште жолу
Мектептерде күзгү каникул башталды. Салкын каникулдун эртеси эле тоодогу үйүнө келди. Таза эле турган үйдөгү буюмдардын чаңын сүрткөн болду, от жакты. Кечинде төкөрдүн үйүнө барып учурашты. Алардын үйү жылуу, балдары да каникулга чыгып, бүгүн эле келишиптир. Төкөр балдарым келди деп бир эчкисин сойгон. Төкөр да, аялы да, атургай балдары да Салкынга жетиналбайт. Эт желип болгондон кийин төкөр чөнтөгүнөн капчыгын алып, акча санап Салкынга сунду:
- Ме, Сакен, уюңардын сүтүнүн акчасы.
Салкын шашып калды:
- Кереги жок, аны ойлогон жокпуз... Баккандын деле акысы болот да.
- Кой антип айтпа, биз эмне, душман белек, ал, ала бер, - деди төкөрдүн аялы.
Төкөр күтүп отурбай акчаны Салкындын колуна карматып:
- Торпогун жакшылап байлап, баа кылып берейин дедим эле. Азыр эркек торпоктор баа болуп атат базарда. Кандай дейсиң, ыя Сакен?
- Мейлиңиз анда...
Эртеси төкөр тайгакта айдай албайм деген "Нивасын" айдап, Салкындын төрт-беш таңгак кылып салган китептерин жүктөп, кыздын ой-боюна койбой каймак, эт берип, айылга жеткирип койду.
Салкын ала келген эт менен тамак жасады. Салкын келгенче абышка-кемпирдин менюсунда үч-төрт тамактын түрү бар эле, ал эми Салкын келгени тамактын түрү он беш-жыйырманы чапчыды окшойт. Мындай түрдүү тамакты кантип жасап жатат, абышка-кемпирдин акылы жетпейт. Мактап, эркелетип, сонун тамак экенин кайра-кайра айтып жешет. Алардын ыраазычылыгына Салкын да маңдайы жарыла кубанат.
Бүгүн абышка-кемпир жакшы көргөн сорпосун жасады: муштумдай этти эзилте бышырат. Күл майда туурап, анан аны жука жайылып бышырган жупканын үстүнө салып, сорподон куят. Таластыктардын бешбармагынын чакан көчүрмөсү сыяктуу.
Тамактан соң чай берилди. Анан тоодон ала келген китеп таңгактарын ортого коюп, улам бирин алып, чоң ата, чоң энесине түшүндүрүп жатты, китептерди барактай. Бул китептерди атасы бүлө күткөндөн бери чогулткан. Тоодо дагы көбү калды.
- Мобу китепте жалаң илгерки акындардын ырлары, төкмөлөрү бар. - Салкын ыр китепти барактады. - Кийин баарын четинен окуп берем экөөңө.
- Анда эле жыргатпадыңбы, - деди чоң атасы, - өзүм деле окубайт белем, көздү кудай алыбатпайбы.
- Көзайнек алышыңыз керек, чоң ата.
- Жо-о, тагыналбайм. Бу киши эмнегедир көзайнек тагынгандан жаа бою каччу. Баласы тирүү кезинде ал канча жолу айтпады, "Жүрү доктурга, көзайнек жаздырып берейин" деп. Бирок, тамга көралбаганы менен мындайда көзү бир топ эле курч. Көзү тамга көрүп турган кезинде кез-кези менен "Манас", "Курманбек" сыяктуу эпосторду барактай окуп, кемпирин да жыргатчу. Ал китептер кайда жоголгонун да билбейт. Салкын сөзүн улайт:
- Бу болсо Жантөшевдин "Каныбек" романы.
- Илгери уктум эле, же окудум беле, эсте жок, эсиңди алгырдыкы...
- Муну да окуп берем... А мобу китепти карасаң, чоң ата, килейген китеп бекен?
- Өтө эле чоң го, мунуң.
- Казактын Абай деген чоң акыны жөнүндө Мухтар Ауэзов деген жазуучу жазган. Былтыр кичине окугам. Эми сизге да окуп берейинби?
- Оку, окубаганда.
- Э, абышка, - деди кемпири сөзгө аралашып. - Сакенбай окуусун окуйбу же сени окутабы?




  Апта асторологиясы

22-январдан 28-январга чейин
Кой (21.03-20.04)
Жандүйнө жана чыгармачыл кызыкчылыгыңызды иш жүзүнө ашыруучу апта. Жаңы олуттуу идеялар, долбоорлор пайда болушу мүмкүн. Билек түрүнө ишке киришкениңиз оң, жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт. Жума - карьеранын жылышы үчүн ийгиликтүү күн.
Букачар (21.04-21.05)
Карьераңызда, өзгөчө кадр маселесинде кыйынчылыктарга туш келесиз. Апта аягына жакын жүрөк өйүткөн маселелер чечилет. Соода-сатык кылуу үчүн шаршемби же жекшемби ылайыктуу. Үйбүлөлүк майрамдарды өткөрүүнү токтото турганыңыз оң.
Эгиздер (22.05-21.06)
Аптанын биринчи жарымы жагымдуу кабарга жык болот. Жандүй-нөңүз кызыктуу, таланттуу адамдар менен пикир алышууну самайт. Жоопкерчиликтүү болуңуз, алдыда жаңы тапшырмалар, милдеттер күтөт. Акчага этият мамиле кылыңыз.
Бөйөн (22.06-23.07)
Аптанын биринчи жарымында ишкердүүлүктөгү жылышты күтүү эртелик кылат. Дүйшөмбү окуялуу болот. Апта ортосунда сизден отчет талап кылынышы мүмкүн, бейшембиге чейин карыздан кутулганыңыз оң, баштаган ишиңиздин аягына чыгуу керек.
Арстан (24.07-23.08)
Январь айынын аяк чени тышкы байланыштарды түзүүгө жакшы мүмкүн-чүлүктөрдү берет. Майрамдык кечелерден, пикир алышуудан баш тартпаңыз. Жагымсыз жумуштан арылып, ийгиликке жетишип, сүйүнүчтүү кабар уга турган күнүңүз - жума.
Бийкеч (24.08-23.09)
Ишкердүүлүгүңүздө көп ийгиликтерге жетишесиз. Коллегалардын жоопкерчиликсиздиги жана кимдир бирөөнүн куру убадасы жумушуңуздун натыйжасына таасирин тийгизет. Чечкиндүүлүк азыр сиздин көзүрүңүз. Апта аягындагы соода-сатык пайдасыз болот.
Тараза (24.09-23.10)
Шатыра-шатман компаниядан алыс, убакытты жалгыздыкта өткөрүүгө канчалык аракеттенбеңиз, баары бир сизди активдүү апта күтөт. Аптанын экинчи жарымында жаңы идеялар жана сунуштар пайда болот. Чыгашага көңүл буруу абзел.
Чаян (24.10-22.11)
Денсоолугуңуз мыкты абалда, андыктан көп жумуш бүтүрүүгө жетишесиз. Жетекчилик да, үйбүлөңүз да сизге ыраазы. Шаршембиден баштап келечектүү идеялар пайда болот. Үйбүлөлүк жашоодо тиричилик жумуштары бар экенин эстен чыгарбаңыз.
Жаачы (23.11-21.12)
Пикир алышууда активдүүлүк пайда болуп, жаңы пландар, сунуштар жашооңуздун бардык чөйрөсүнө кубаныч апкелет. Апта ортосунда иш кагаздары менен алышууга туура келет. Жума жана ишемби күндөрү коңшу аймактарга сапарга чыгышыңыз мүмкүн.
Текечер (22.12-20.01)
Көп иштерди аткарып койгондуктан азыр сизге анын үзүрүн күтүү гана керек. Финансылык абалыңыздын жакшырышынан башка талантыңызга баш ийгендер көбөйөт. Сизге чыгармачылык эркиндик зарыл. Бейшембиде олуттуу маселелер менен алектенбеңиз.
Суу пери (21.01-19.02)
Өзүңүздү эң жакшы түшүнө баштайсыз. Имидж өзгөртүүгө, жаңы маалымат менен иштөөгө, жеке турмушуңузга жаңылыктарды киргизүүгө ылайыкталган убакыт. Сапарга чыгып, жаңы колдоочуларды табасыз. Пикир алышуу кубаныч тартуулайт.
Балык (20.02-20.03)
Денсоолугуңузду, психологиялык абалыңызды комфорттуу деңгээлде кармоо аптанын башкы маселеси. Маанилүү жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн. Апта аягында маанайыңыз жайдарыланып, жакындарыңыз менен жакын мамиледе болосуз.




  Мүрзөгүл

Кайран Шакем, ойрон Шакем!
Көр тиричиликтин айынан казактын Алматысында элем. Бирдин айынын он төртүндө Бишкектен жүрөк титиреткен суук кабар эшиттим. Өмүрүнүн элүү бешинчи жазын көрбөй кайран Шакем, ойрон Шакем. Бир чети агам, бир чети курбум Мамбетов Шаршен Ашымбек уулу бу жалгандан нары карап кетти. Эртелеп каякка шаштың кайран Шакем, ойрон Шакем? Агынан карасы көп, чындыгынан жалганы арбын, керемети кечөө өлүп, кезмети кайып болгон, чайпалып төгүлө албай турган бүгүнкү дүйнө-жашоону жактырбай кеттиңби, Шаке?! Өлүм улуу, Шаке! Ага баш ийген пенде андан да улуу, Шаке! Алматыдан Бишкекке келатып улуу жолдо мына буларды ойлондум: "Эртелеп кеткен сага кыйынбы, Шаке, же эртеңин ойлобой бүгүнкүнүн кулу болуп жүргөн бизге кыйынбы?" Өңгөнү билбейм, сени өлдү дегенге мен ишенбейм. Жакшы адам өлчү беле? Ал убактылуу белгисиз бир жакка кеткен, азыр эле келип калчудай элес калтырат. Элесиң арабызда жүрө берет кайран Шакем, ойрон Шакем! Жаткан жериң жайлуу болоор, топурагың торко болоор, кайран Шакем! Кош эми ойрон Шакем, эсил Шакем!
Бир чети иниң, бир чети курбуң Сазыкбай ТУРДУМАЛИЕВ, Алматы-Бишкек, 2007-жыл, 14-январь, түнкү саат эки

















'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz