Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Берилип иштегендин бели оорубайт

Арышы адымдаган "Арвин"
"Алтын өрөөндүн" мыкты деп табылган коммерциялык ишканаларынын үчилтигине "Арвин" компаниясы кирди.
Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргызстан Алтын өрөөнү-2006" көргөзмөсү болуп өттү. Кыргыз драма театрында мыкты товарларын: азык-түлүк, кийим-кече, өндүрүш товарларын эл сыноосунан өткөрүп, биздин атамекендик өндүрүүчүлөр башкалардан кем эмес экендигин далилдөө максатында Чүй облусунун бардык региондорунан ишкана жетекчилери чогулду. Бул иш-чарага өлкө президенти Курманбек Бакиев өзү катышты. Өндүрүүчүлөр мамлекет башчысы менен болгон маекте өз муктаждыктары жана көптөгөн көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти.
Көргөзмөнүн аягында Президенттик ардак грамоталар тапшырылды. Бул сыймыкка Кыргызстанда алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн алдыңкыларынын бири Өскөнбаев Бейшен Мамбеталиевич да татыды. Анын мыкты сапаттарынын бири катары мээримдүүлүгүн, камкордугун жана аз камсыз адамдардын муктаждыктарына кайдыгер карабаганын баса белгилеп кетүү оң. Бейшен Мамбеталиевич ата-энесиз калган бөбөктөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, Улуу Ата мекендик согуштун ветерандарына, аз камсыз болгон жарандарга даректик жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө "Арвин" ЖЧКсынын ар бир дистрибьютери менен жекече сүйлөшөт...
- Бейшен Мамбеталиевич, сизди жана сиздин компанияңызды мамлекеттик сыйлык жана "Жыл тандоосу-2006" конкурсунун кезектеги алтын сыйлыгы менен куттуктоого уруксат этиңиз.
- Ырахмат. Биз бул ийгиликке ынтымактуу коллективдин талбас эмгеги жана туура жолго коюлган менеджменттен улам жетиштик. Өндүрүш кеңейтилип, кошумча жумушчу орундар түзүлгөн, эми компанияда иштеп акча тапкандардын саны миңдеп саналат. Заманбап жабдыктар мыкты даамы жана жогорку сапаты менен мактанарлык продукция өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин "Русский медведь", "Давыдоф", "Русский размах", "Кадриль" соода маркалары Казак Республикасындагы Сертификациялоонун Мамлекеттик Системасы менен таанылып, тастыкталганын белгилей кетким келет. Ал эми 2006-жылдын май айында "Шпилька" жана VIP арактары Бельгияда өткөн "United Vodka" эл аралык конкурсунда күмүш медалга ээ болушту.
- Өндүрүшү гүлдөп өскөн өлкө гана бай өлкө деп эсептелет эмеспи. Сиздин ишкердүүлүгүңүз мамлекетибиз үчүн да мааниси чоң...
- Албетте. Биз жыл сайын өлкө казынасына алкоголдук продукция өндүрүү боюнча акциз төлөмдөрүнүн жалпы салыктык көлөмүнүн 1/3 бөлүгүн төлөйбүз. 2006-жылдын 11 айынын жыйынтыгында 65,8 млн. сом акциз төлөмдөрү төлөнүп, 2003-жылга салыштырмалуу киреше 14 эсеге, НДС 7 эсеге, подоходный налог 100 эсеге көбөйгөн.
Эгер 2003, 2004 жана 2005-жылдары мамлекеттик бюджетке 200 млн. сом которулган болсо, 2006-жылдын 11 айында эле 102 млн. сомдон ашык акча которулган.
- Бейшен Мамбеталиевич, "Родник" соода маркасы 2005-жылдын июнь айынан тарта кайрымдуулук боюнча иш алпарат. Ушул убакыт аралыгында кандай аракеттер көрүлдү?
- Жардамга муктаж кыргызстандыктар жөнүндө дистрибьютерлер аркылуу билебиз, андан соң аларга даректик жардам көрсөтөбүз. Акыркы акциялардын бири - Чымкоргон республикалык ооруканадагы 200 адам дары-дармек, кийим-кече, идиш-аяк, азык-түлүк түрүндө жардам алышты. Карылардын Бишкек үй-интернатына азык-түлүк пакеттери берилди. Жалалабаттагы карылар жана инвалиддер үйүнө имараттын чатырын оңдоо үчүн шифер сатып бердик. Жал-ТОС "Ынтымак", "Чыгыш-5" райондорунда 130 адам азык-түлүк пакеттерин алышты. Мындай пакеттер Нарын, Атбашы, Акталаа райондорундагы өзгөчө муктаждыктагы адамдарга жөнөтүлдү. Азык-түлүк менен 600дөй адам камсыз болду. Кыргызстандын беш түзөтүү колониясына жылуу кийим, гигиена каражаттары, дары-дармек түрүндөгү жардам көрсөтүлдү. Албетте, "Арвин" компаниясы тарабынан берилген жардам тизмесин көпкө чейин уланта берсе болот.
- Жакында эле Сокулукта согуш ардагерлерине арналган кайрымдуулук акциясын уюштурдуңуздар. Ушу жөнүндө бир аз айта кетсеңиз...
- Биз өз убагында мекенди коргоо үчүн колуна курал алган адамдарга кам көрүүнү чечтик. Мамлекеттин азырынча мындай адамдарды татыктуу жашоо менен камсыз кыла албаганы өкүнүчтүү. Андыктан, биздин оюбузча, квартал сайын пенсияга кошумча катары берилген 1000 сом керекке жарар. Албетте, бул көп деле акча эмес, бирок карыларыбыздын айтымында сезилерлик колдоо. Тилекке каршы, азыр 59 ардагерге гана жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болуп атат. Жакын арада бүт Сокулук районун камтыйбыз деген ойубуз бар. Айта кетчү нерсе жаңы жыл алдында Сокулук районунун бардык согуш ардагерлерине (300 адам) белек бердик. Мындан тышкары Сокулук районундагы төрт аз камсыз үйбүлөгө ай сайын акчалай жардам көрсөтүп турабыз.
- Демек, сиздер азыр мамлекет жардамчысынын милдетин алган турбайсыздарбы?
- Балким сиздики туурадыр. Бирок, башка жол жок. Мамлекет азыр бутуна тура элек, ал эми өлкөдө көңүл сыртында калтырууга болбогон социалдык катмарлар бар. Жардамга муктаж мекендештерибизге көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар кезде биз алардан болгон аракетибизди аябайбыз. Бул биздин милдетибиз.
- Бейшен Мамбеталиевич! Сыйлыктарыңыз менен дагы бир жолу куттуктап, "Арвин" компаниясынын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиз!




"Аз камсыз жана кары адамдарга жардам" акциясынын алкагында "Родник" соода маркасы тарабынан көрсөтүлгөн жардам:
"Көкжар" жана 12-мкр. 200 аз камсыз карыларга даректик жардам;
Свердлов району боюнча 15 кары адамга жардам;
Сокулук, Биринчимай жана Арал айылдарына азык-түлүк пакеттери таратылган - 90 адам;
Мехлесхоз районуна 35 адамга азык-түлүк пакеттери берилген;
ТОС ОЗЧВ -110 адамга азык-түлүк пакеттери;
Чымкоргон республикалык ооруканасына (алдын-ала берилген заявка боюнча) дары-дармек, идиш-аяк, кийим-кече, азык-түлүк түрүндө - 200 адам;
Жал - ТОС "Ынтымак" - 100 адамга азык-түлүк пакеттери;
Чыгыш-5 - 30 адамга азык-түлүк пакеттери;
"Красный строитель" - 30 адамга азык-түлүк пакеттери;
"Кариатида" - 10 адамга азык-түлүк пакеттери;
"Бойцы Отечественной" коому - 10 адамга азык-түлүк пакеттери;
Жалпы типтеги Бишкек карылар үйү (заявка боюнча) - 50 адам;
Ленин райондук общепит интернаты (заявка боюнча) - 50 адам;
Серафимовка үй-интернаты (заявка боюнча) - 450 адам;
Жалалабаттагы карылар жана инвалиддер үйү. Имараттын чатырын оңдоо үчүн шифер сытылып берилген;
Ай сайын Сокулук районундагы 4 аз камсыз үйбүлөгө акчалай жардам берилет;
Сокулук боюнча 59 адамдан турган Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине квартал сайын 1000 сом берилет.
Нарын, Акталаа, Атбашы райондорунда 600 адамга азык-түлүк пакеттери таратылган;
5 колония - 2500 адам (заявка боюнча);
Ош шаарындагы "Ош УПП" көрүү жана угуу боюнча инвалиддер - 119 адам;
Сокулук айылында 297 адамдан турган согуш ардагерлери жаңы жылдык белек алышкан.












'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz