Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Жунгли паашалыгында

Күлкуракчы Азамат Кыязов
Пил крокодилди жеп...
Жунгли токойунун паашасы кадимки майпаң Аюу таманын соруп уктап жатат. Какаду тотукуш какшанат:
- Ойгон-н, кож-жоюн-н, Түлкү келетат-т...
Түлкү: - Кандайсың, Тотуке, Аюу Аюийич өзүндө бекен?
Тотукуш: - Өз-зүндө эмей, мына сенин үнүңдү эш-шитип өз-зү тура кал-лды.
Аюу: - Өх-х, уктап кеткен турбаймыбы, ии Түлкү, келипсиң, кулак сенде.
Түлкү: - Аюу Аюийич, ток этерин айтсам, баягыле Пилдин маселеси.
Аюу: - Балакет баскыр, дагы имне кылыбийди Пил?
Түлкү: - Кылыбийгенин тиги приемныйда отурган Карышкыр менен Чөө айтсын.
Аюу: - Киргиле, браттар, сүйлөгүлө.
Чөө: - Аюу Аюийич, Пил кутурду. Өзүн борзый көрсөтүп, бүт Жунглистанды талпайган буту менен таптап атат.
Аюу: - Коюңчей, анын имнеси бар? Ал башынанле жерди таптап басат да.
Түлкү: - Эй, Чөө, лишний тантырабай, подробно түшүндүрбөйсүңбү. Жанагы Крокодилди жеп салганын.
Аюу: - Имне-е, Крокодилди жеп?..
Чөө: - Ооба-ооба, Крокодил Генаны эки чайнап бир жутуптур.
Аюу: - Тфү, ким көрүптүр?
Түлкү: - Ой, Карышкыр, тамагыңа сөөк тыгылдыбы? Айтпайсыңбы көргөнүңдү.
Карышкыр: - Ие, көрсө - көрдүм да.
Аюу: - Кашаба, точуна көрдүңбү?
Карышкыр: - Бүкүлү сугунду.
Түлкү: - Үх-х, бейиши болгур, Крокодил акем "кыңк" эткенге үлгүрбөптүр да.
Чөө: - Жолборс качып кутулуптур.
Түлкү: - Эми Жолборсту айтпайле койчу, биякта Аюу Аюийичтин өмүрү санаага салып атканда.
Аюу: - Менин өмүрүмбү, имнеге?
Түлкү: - Дискетгейттин билдирүүсүнө таянсак, Пилдин кара тизмесинин ФИОсу сиздин фамилияңыздан башталаткен.
Аюу: - Сунушуңарды айткыла, кандай реакция кылабыз.
Карышкыр: - Жеш керек.
Аюу: - Кантип жейсиң, ал сени жебатса?
Карышкыр: - Жешти мага коюң.
Аюу: - Билесиң, Жунгли закону боюнча сен аны жесең, мен сени жешим керек.
Түлкү: - Вариант море. Кашаба акем Пилди жеп туруп Жирафка шылтасын. Ал ойлонгуча Аюу Аюийич, сиз, Жирафты жеп салыңыз. Бүттү. Законду шартка жараша жаңыртып коебуз.
Аюу: - Бовойт го, экспааша Маймылдын түбүнө такушул жеп жибермей жетпеди беле. Акөрөк, жөн эле коркутуп койсок кантет?
Чөө: - Анда, ызначит, берки приемдорду колдонот экенбиз да, ээ?
Аюу: - Кайсы прием?!
Чөө: - Катынын сабап, баласын камап, артына анаша тыкмайчы.
Тотукуш: - Уш-шул-л прием-муңар-р жак-кты, пер-рет-т!..




  Тапкан - тапалак

Бүгүнкү сандын байгеси -
ҮТҮК!
Урматтуу окурман! Эгерде байгелүү болгуңуз келсе, "Агымдын" конкурсуна катышыңыз! Ар жума күнкү гезитибиздин санында сизге эң керектүү чайнек, үтүк, саат, идиш-аяк ж.б. байгелер ойнотулат.

Шарты: конкурска жарыяланган эки табышмактын жообун беш күн ичинде редакцияга жөнөтөсүз. Кааласаңыз сүрөтүңүздү кошо тиркесеңиз болот. Жооптор жазуу түрүндө кабыл алынат. Эгерде бирнече окурман туура жооп жиберсе, анда ал жооптор чүчүкулак түрүндө ойнотулуп, жеңүүчү аныкталат. Конкурстун туура жообу, жеңүүчүсү кийинки бешинчи күнү жарыяланат.
Ал эми өткөн конкурсубуздун жыйынтыгы төмөнкүдөй: окурмандар арасынан туура жооп жөнөткөн эки окурманыбызды - Айгүл Төлөмүшова (Сокулук району, Күнтуу айылы) жана Бактыбек кызы Уулканды (дарегин так жазган эмес) чүчүкулак карматуу үчүн редакциядан 23-январда, саат 11.00дө күтөбүз.




  Күлкүлүү үй

Конституция - камасутрабы?
...Ошентип чал үчүнчү жолу торун көлгө ыргытат. Алтын балык кармайт. Кармаган балыгы моминтип мазгисин чагат:
- Тура тур абышка, сени менен мен адвокатымдын катышуусунда гана сүйлөшөм...
l
- Сизден коркуп атам! Сиз түз эле менин жүрөгүмдү мээлеп атасыз!
- Коркпоңуз, бийкеч, сиздин жүрөгүңүздөн алда канча төмөн мээлебатам...
l
Фотосалон. Фотограф менен бирөө талашыбатат:
- Бул менин сүрөтүм эмес!
- Сизсиз! Окшошубиле турбайбы.
- Кана, мурду окшошкону?
- Ооба-ооба...
- Сакалын кара, а менде жок.
- Чын эле, эй.
- Анүстүнө бул табытта жатат, а мен тирүү.
l
- Атың ким?
- Космосбек, өзүңкүчү?
- Съездбек. Атыңды атаң койду беле?
- Ооба. Мен төрөлгөндө атам мектепте астрономиядан берген мугалим экен.
- А менин атам Социалисттик эмгектин баатыры деген чабан болчу...
l
Китеп дүкөн.
- Мага тээтиги үстүңкү текчедеги "Камасутраны" бериңизчи.
- Кайсы?.. Ал деген "Камасутрамес", "Канституция"...
l
- Мен бир бай эркек менен тааныштым. Анда акча, менде тажрыйба бар эле.
- Анан эмне болду?
- Азыр тажрыйба анда, акча менде...




Эгериң менен эмирең кал
Эгер, доктур менен сүйлөшүүдөн өткөн соң өзүңдү жеңил сезбесең - анда ал доктур эмес!
l
Эгер, маршруткада баратып көңүлүңө жаккан кыздарга тийишсең:
50 пайызы айкырып, беттен алат.
30 пайызы көзүңдү көгөртө коет.
19 пайызы эчтеке болбогондой түр көрсөтөт.
Ал эми 1 пайызга жетпегени сенин аялың болуп калат...
l
Эгер, машине айдап баратып бир нерсеге катуу урунганыңды сезсең, түшүп бамперлериңди кара. Алдыңкысы мырыйса - акчаңдан айрыласың, арткысы мырыйса - пайда табасың
l
Эгер түшүңө байлык кирсе - ойгонбо...
l
Эгер, зордуктоочудан кызды куткарып калсаң, кыз болбой эле чаңырып, жулуна берсе - анда, сага караганда зордукчуга көңүлү түшүп калганы.




  Келаткан шейшемби күнү, 23-январда окуйсуздар!

"Агымдын" мырзасы, келечекте депутат болгусу келген Урмат уулу Анарбек кабарлайт:
Түбөлүк жашаган кыргыз менен маек


















'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz