Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Отто - олойман, сууда - сулайман,
кырда - кылайман

Азимбек БЕКНАЗАРОВ:
"50 депутат аман калгандарына сүйүнүп жатышат"
Шаршемби күнү ЖК депутаты А.Бекназаров Бишкек пресс-клубунда журналисттерге пресс-конференция берди. Ал күнү жаңы конституция күчүнө кирип, өкмөт башчылыгына Ф.Кулов көрсөтүлүп, ал эми оппозиция анабашылары акыл калчаганга жаңы гана чогулуп атышкан.
- Мен жаңы кабыл алынган Конституциянын редакциясына каршымын. Анткени, ал иштеп жаткан Конституцияны бузуу менен шантаж кылып, коркутуу жолу менен кабыл алынды. Конституциялык соттун бүтүмүн да күткөн жок. Менин колумда спикер Марат Султановдун мыйзамды кантип чаргытып өткөргөнүнүн ошол күнкү (30-декабрь) сессиянын толук стенограммасы турат. 9-ноябрда кабыл алынган Башмыйзам менен парламенттик башкарууга жакындадык эле, эми баштагыдан да күчтүү президенттик башкарууга келдик. Президент бүгүн мурда болбогон төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ болду:
Президент премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү администрация башчыларын (аким, губернаторлорду) дайындайт; президент Өкмөт структурасын түзүүгө макулдук берет (Мындай укук Акаевде да болгон эмес); Өкмөттүн нормативдик-укуктук актыларын жокко чыгарат; президент коргоо министрин жана УКК төрагасын дайындайт; президенттин администрациясын түзөт; жогорку сот менен конституциялык соттун төрагаларын Жогорку Кеңешке киргизет; президент Эсеп палатасы менен БШК төрагасын өз каалоосу боюнча кызматтан бошотот; мурда өкмөт ЖК алдында отчет берсе, азыр президенттин алдында жоопкер; премьер-министрден жергиликтүү администрация башчыларын бекитүү укугу алынып салынды. Ошентип, үйбүлөлүк башкарууну сындырдык деп бүт дүйнөгө жар салдык эле. Эми кайра ал тилегибиз таш капты.
- Бул Башмыйзамдын элге зыяндыгы эмнеде?
- Биздин эл ушундай укуксуз бир үйбүлөгө баш ийген заманда жашаганга, алданганга көнүп калган. Акаев силерди жыргатам деп коюп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Башмыйзамды он беш жыл ичинде төрт жолу оңдогон. Ал эми К.Бакиев 1,5 жыл ичинде эле канча жолу оңдоп жибергенге үлгүрдү.
- Мындан аркы кадамыңар кандай болот?
- Каршы болуп жаткан депутаттар цивилдүү жол менен Башмыйзамга оңдоо-түзөөнү киргизүүнү уланта беребиз. "Реформа үчүн" Кыймылы да өзүнчө кеңеш жүргүзүп жатабыз.
- Премьер-министрлик орунга сиз кимди ылайык көрөөр элеңиз?
- Эгерде Ф.Кулов кайра шайланса, анда мурдагыдай эле саясатта кырдаал олку-солку, курч бойдон кала берет.Театрдын оюну көбүнчө парламентте болгон менен сценарийи Акүйдө түзүлөт. Премьерликке татыктуулар көп. Мен, албетте, эң биринчи кезекте А.Атамбаевди же Т.Сариевди көрсөтөөр элем. Бирок, ал каалообуз ишке ашпайт.
- Сиздин оюңузча мындан ары парламент тагдыры кандай болот?
- Добуш берген 50 депутат 2010-жылга чейин аман калдык дешип сүйүнүп отурушпайбы. Ошол депутаттардын арасындагылардан менден сурангандары болду. "Азике, Конституцияны мыйзамсыз кабыл алынып калды деп жар салбай эле койчу, болоор иш болуп калбадыбы" дешип. Мен айттым, "2010-жылга чейин аман калдык деп сүйүнбөгүлө, элди, коомчулукту кантебиз?" дедим.

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ




  Айтылган сөз ок беле?

Эдил Байсалов,
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын президенти:
"Рысбек Акматбаевди өлтүргөн-көмгөн мен эмес..."
- Эдил мырза, президенттин акыркы Конституцияга кол коюусу жеке кызыкчылыктын, жеке бир саясый пайдубалын түптөө ишарасы катары бааланып, хандык ыйгарым укуктарга ээ болуп кетти деп сындалууда...
-30-декабрда түптөлгөн Конституция 9-ноябрда элдин жеңиши менен кабыл алынган Конституцияны жокко чыгарды дегенге кошулбайм. Эң негизгиси, азыркы учурда узурпациялады, авторитардык бийликти түзүүгө эбегейсиз жетишти дегендерге айтарым, андайга Конституция жол ачалбайт. Бакиев өзүн "авторитардык ханмын" деп жазып алган күндө да, бияктагы коомдун ага жол бербей турган күчү болуш керек. Акаев заманынан бери Конституцияны ары-бери чайкашып, кадыр-баркын кетиришпедиби. Мен кабыл алынган Конституциядан трагедия деле көргөн жокмун. Айталы, кээ бир тактоолор, түзөтүүлөр киргизилди, ага эч ким деле каршы болгон жок. Маселен, мамлекеттик администрацияларды, күч органдарын президент мен дайындайын дептир. Мунусу менимче ашачапкандык эмес. Оппозиция деле компромисс катары көрүшүп, а негизги чыр процедуранын тегерегинде болбодубу. Мени Жогорку Кеңештин деңгээли кейитти, депутаттар жеке кызыкчылыгын элибиздин эртеңки келечегинен өйдө кое албасына көзүбүз жетти. Түңүлдүк десек да болот. Ал эми бу кабыл алынган Конституциядан начарында деле жүрбөдүк беле? Кеп ушуну талашып-тартышууда эмес, кеп-биздин саясый маданиятыбызда, азаттыкка болгон умтулуубузда, лидерлерибиздин ынтымагында жана коомчулуктун биримдигинде. Булар эртең эле "кыргыз хандыгы" деп жазып алышса, Жогорку Кеңеш колдоп берет. Бирок, кыргыз эли баш ийбейт да...
-Эл деп эле элге сала бергенибиз кандай? Акыркы эки жылда элдин ээн-эркинин көрбөдүкпү...
-Советтик адабиятта, коммунисттик идеологияда, марксизм-ленинизмде дагы эл деп сыйынымыш болуп, а иш жүзүндө башкача келген... Айтмакчы, кыргыз элинин тарыхындагы Манас, Эртөштүк, Эртабылды бабаларыбыздай, Курманжан даткадай билерман адамдарыбыз журт башында турган. А эл болсо караңгы. 18-кылымдагы, 22-кылымдагы эл болобу, түпкүлүгү анчейин тереңдикти көралбаган караңгы жайы бар. Мисалы, ХИПКти жаман десе, жаман деп, жакшы десе жакшы дегендей...
(Уландысы 6-бетте)




  Айла жок, бирок ай ла вю

(Акаев "куйруктары" Бакиев "куйругуна" айланганда)
Чолпон Баекова
Оо-уу, качанкы "железная леди"? Башканы айтып не (?), 24-март төңкөрүшү бу айымды козгой албаган... Акаев заманында Конституцияны бурмалоого, президенттик мөөнөттү узартууга алакан жайганы, "лам" деп ооз ачпаганы менен эсте калыптыр. Биринчи "үйбүлөгө" кандай катта кызмат кылса, азыркы "үйбүлөгө" да көнгөн өнөрүн салды. Бакиев "бандалары" кандай чалмакей чалбасын, кутурган башаламандыкка барбасын, Чолпон апайыбыз көрбөйт, билбейт, унчукпайт. Дубал сымал. Дагы бир кашайганы: 9-ноябрда жүз миңдеген элдин талабында кабылданган Конституцияга да макул, андан кийин суу жүрөк депутаттардын сунуштаган Конституциясына да кайыл. Ортодон Курманбек Осмонов "кимдин ким экенин эл билет..." деп чаап өтсө да чычалабайт. Же юрист, же саясатчы катары ырааттуу принциби, көз карашы кандай? Жооп жок. Мандемби?..

Марат Султанов
Бир кездерде Акаевдин келечектүү кол баласы болуп, майталкан кызматтардын мыкчыгери, эркеталтаңы аталган. А доор өтүп, заман алмашканда пендең кургур колдо ойногон чүкөдөй эле өкчөлөт тура. Шул кездеги Макенин ишмердигине жалпы эл күбө. Спикерлик даражасын унутуп ийеби, айтор, ордунан Текебаевге атырыла чуркаганы, желпилдеген жеңилдиги, элпилдеген элпектиги, анан түштүкчүлдүгү жагынан кожоюндун "5" деген баасына татыган кербези. Минтип отурса, "Кыргыз эл баатыры" наамын эртең-бүрсүгүнү алат. "Үйбүлөлүк" Конституциянын кол коюлушуна, авторитардык бийликтин орношуна шаңдангандай жыргап, өзгөчө толкундануу менен кызмат кылды. Мындай сапаты менен саясатчы катары болгон деңгээлин коомчулукка ырастап атыр. Колго сууну чактап куйбаса болбойт го, ыя?..

Марат Кайыпов
Соңку учурда ММК жылдызына айланып, Бакиевдик Конституцияны коргоо жагынан безилдеп сөз бербей калды. Ак эткенден так этет. Кызмат кумары ушунча да таттуу белем, бийликти жактоо позициясы жагынан бырыша-тырыша коргогонун айтпа! Эми Акаев мезгилинде тарбияланган мүнөзүнө айла жок дечи, ошентсе да, а кезде мындай министрлик чылбыр тийбегени, канчалык калп мылжыйып безилдебесин, Бакиев доорунда бактысы ачылды. Ушунусуна өрөпкүп кеткенби, баягы митингдер астында ажосун коргойм деп, оппозицияны кордой коем деп, Темир Сариевден кагуу жегенин КТР көрсөтүп салган. Жаза тайып. Ал эми ушу таптагы министрликке өлө суусаганын өзү деле жашырбады. "Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат" демекчи, эртеңки кадыр-баркына эле кам көрсө деген гана ой...

Адахам Мадумаров
Албетте, Акаев "куйругу" дей албайбыз. Бирок, Акүйдүн 7-кабатына чыкканы ай-асмандан түйүлүп, кескин өзгөрдү. Кезинде Осмонакун Ибраимовду өкүртө сындап жүрүп, эми тагдырдын тамашасы менен Осмонакун Мадумаров атка конду да калды. Кур дымагында сүрдүү көрүнөйүн дегениби, ызырынат эле ызырынат. Күчөп кетти. Же жарашсачы? Кызыгы, соңку кезде ажолук тактыга тымызын көзү түшүп, увазирлик орунга моокуму канбай турабы? Баары эле байкалып атат. Амбициясы айгыр-азоо жүрүш. Осмонакунский опузасын жазып чарчадык. А кечээкисине саресеп салабы? Доктор Назаралиевдин борборунда Бекназаров, Отунбаевалар бийликти кетиребиз деп (24-март) , митинг күйүп атканда Мадумаров кара көз айнекчен элдин артында акмалап турган. Качан гана Акаев качканда досу Д.Үсөнов экөө билерман сымал чыга келишкен. Анан бийлик тийип... "Мен жесткиймин" деп мактанганын кантели? "Көкүрөк гана өкүрөт?" дечү беле? Кетпейби?..




  Партиялар парады башталдыбы?

Мышыкка оюн, чычканга...
Кара кийик жылынын алгачкы айын да арыдан-бери мүлжүп жибердик. А убакыт сапарың убайым жегенди билбейт экен, ушинтип удургуган бойдон уланып кете берет. Жылды жыргап тосуп алдык дедик, тоодой тостторду көбүртүп-жабыртып ташкындатканыбыз менен баамчыл көзкараш болжолунда жашоо-турмушубуз, саясый-экономикалык абалыбыз саздан суурулуп, алдыга жыла тургандай түрү деле байкалбайт. Ар ким өз көмөчүнө күл тарткандай тымызын тирешүүлөр, ойт берме оюндардын күчөшү, парламент эки жүздүүлөрүнүн туруксуздугу, кыл чайнаштын башталышыбы, кыскасы, быйылы былтыркыдан кыйынбы, эптеп эрикпеген жашообуз оң жагына оогай эле дей туралычы.
Анткен менен акүй аткаминерлеринин "албуут" аракети ачык байкалып, бир гана туруктуу, бекем максатты беттеген, бийлигин чыңдоо, биротоло колдон чыгарбоо кадамы катуу шилтенип, карбаластаган кара пиар ыкмалары менен эч нерседен кабары жок элеңдеген элдин башын айлантып, балжа-булжа болочок шайлоого баш уруп киришти. Партиялар парады удургуп катуу чыга баштады. Элдир-селдир мүчөлөрүнөн башка эл тааныган эки лидерлүү "Эркиндик" (Т. Тургуналиев) партиясы менен Үсөн Сыдыковдун "Жаңы Кыргызстаны" жандалбасты мынчалык урганын мурда качан көрдүңөр эле? Акаевдердин "Алга, Кыргызстанынан" да адымдуу арыш таптап. Баягы чычканга өлүм, мышыкка оюн демекчи, кыш ызгаарында кыйынчылык башына түшкөн Кочкор элин колдомуш этип, "упай" топтоп жүргөн саясатчы сөрөйлөрдүн жоругу жолдо калсындан башка не дейбиз? Накталай акча, тонна-тонна уну менен курулуш материалы, мектептерине компьютер... Бергенинде айып жок, берсин, андай кайрымдуулук ишине албетте, баш ийип таазим этебиз деңизчи, бирок анысын жөн тапшырбай "кана баягы бакылдактар, көргөзбөйбү күчтөрүн бул жакка келип" деп, "реформачылардын" короосуна котур таштарын ыргытып өтүшүп, өздөрүн көкөлөтүштүн зарылчылыгы бар беле. Аты чыгып-чыкпаган андай жаңы партияларда күргүштөп, ашып-ташыган кайдагы каражат, кимдики деп сураган киши жок. Колуңда барбы, жардамыңды бер. Жакшы сөзүңдү айт да кет. Азыр ар бир аймакты кыдырып оюн-тамаша кое баштаган ырчы-чоорчулар, куудулдар тобунан түзүлгөн атайын агитбригадалар аралап кетишиптир. Москва районунан келген Бурулкан эжеке күйүп-бышып алыптыр, мындай дейт: "Жанагы беттери табактай болуп, курсактары салаңдаган куудул сөрөйлөр Рахман менен Абдылда деген немелер, эмне дебейсиңерби, айылды бүт аралап, элди күлдүрбөй эле күйгүзүп кетишти. Эл сүйгөн депутаттарды жамандаганга аларга ким укук бериптир. "Агым" аз күндө жабылат, жеткен ушакчы гезит деп шыбап жүрүшөт. Афишаларын "Биз кыргызстандыкпыз" деп жазып алышыптыр, ал тиги Үсөн Сыдыковдун эле кылганы, бизди тимеле бир келесоо ойлойт көрүнөт, шайлоосу да келээр, алар кыргызстандык экен, биз да көргөзөбүз каяктык экенибизди" дейт туталанып. Эмне демек элек, азырынча аюу өлөлек, а терисин тытып, талашкандар иттин кара капталынан.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ

















'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz