Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


 

Кулов парламенттен өтпөдү. Анан?..
Бүгүнкү саясат ушунакай. Балдардын актерек, көктерек оюну сымал соодалашмай. Акүй парламентти аңдып, парламент Акүй көзү менен тең айланып, айрым саясатчылардын аркан тартмай күүсү күч алып, ага көз-кулак көнүп
бүттү. "Эртең эмне болот?" деген эле кишилер.
Жыл жаңырарда "жылан чагып, жылкы теппей" отставкага кеткен убактылуу өкмөт мүчөлөрү толугу менен 18-январда парламент алдына келишти. Премьер-министрликке Феликс Куловдун кандидатурасы көрсөтүлүп атканына кээ бир депутаттардын ичи бышпай, андан бөлөк киши таппай калган Бакиевди жемелеп, күбүр-шыбыр күч, бир кызыктуудай атмосфера палатада чыңалып турду.
Эң негизгиси, өлкөнүн экинчи адамы болгон премьер-министрди президент өзү сунуштабай, бу милдетти президенттин парламенттеги ыйгарым өкүлү Алымбай Султановго жүктөп коюптур. Өлкө башчысынын мындай жоругуна нааразыланган А.Бекназаров : "Чоң саясый окуя болуп атса, президент неге келбеди? Бул, парламентти, өкмөттү сыйлабаганы" деп атырылып бир тийди эле, Алымбай мырза: "Бу күнгө чейин иш графиги түзүлүп калган, колу бошободу" дээри менен: "Айрым маселелерге графикке карабай жүгүрүп келип атпайбы" деп каарып алды.
Демек, президент мындай тоңмоюн мамилеси менен Кулов экөөнүн арасын эбак эле кара мышык аралаган деген сөздүн чын экенине жем таштады окшойт. Анын үстүнө президенттин жеке кызыкчылыгы болгондо Акүй түрүлө көчүп келип, ар бир депутатты колтуктап "көндүрүп" жүрчү адаттагы ыкма да байкалган жок. Парламент ишине көз салып, кирип-чыгып жүргөндөр болсо "Кулов өтпөйт, Акүй тынч, акалар "добро" бербептир" деп таң эрте эле көзачыктанып жатышкан.
Кулов 12-премьерликке кандидатпы?
Жыл сайын премьер алмаштыра бергенге көнгөн кыкеңдер Кулов канчанчысы деп санай албай эстери ооп атса, Феликс Шаршенбаевич тил сынган акцент менен кыргызча сүйлөп, ого бетер оозду ачырды. Бул эрдигине Кулов дегенде куйкасы курушчу Келдибеков да кубанып: "Кыргызча билбеген киргиздер, үлгү албайсыңарбы" деп башка коллегаларын тил үйрөнүүгө үгүттөп өттү.
Депутаттардын бир тобу "программаңыз жок" деп Куловду жөөлөштү эле, Феликс мырза кабагым-кашым дебестен, өкмөттүн өткөн жылдагы ийгилигин санап, өндүрүш төмөндөбөгөнүн, ички дүң продукция өскөнүн, долларга караганда сом бекемделгенин, орточо эмгек акы көтөрүлгөнүн, экономикалык өсүштө туруктуулук сакталганын саймедиреди. Эгер өкмөт башына келип калса, өкмөт структурасы өзгөрүүгө дуушар болорун, и.о. министрлердин кээ бири келбей да калышы мүмкүн экенин жашырган жок.
Айтор, 21 депутат суроо-жоопко жазылып, Феликс мырзаны сүзмөдөй эзип, жер, суу, энергетика, илим, маданият, саламаттык сактоо, Түндүк-Түштүк, чегара, төө буурчак, пенсия, оппозиция, ХИПК, Конституция, Данияр Үсөнов менен мамилеси ж.б., ж.б. түгөнбөгөн түмөн суроолорду жаадырышты.

"Кулов, Бекназаров коррупционерби?"
Алты саатка созулган парламент жыйынында Куловго эмне деген гана суроолор берилип, эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Анын баарын жаза берсек, гезит бети түтчүдөй эмес. Болгону жарыш сөзгө чыккан аксакал депутат Дооронбек Садырбаев Куловду жерден алып көргө сала катуу сүйлөдү. "Кулов каерде жүрсө, ошол жерде чыр-чатак. Сиздин премьер-министр болгонуңуздан да, болбогонуңуздан да мамлекет кылы кыйшайбайт. Бекназаров экөөңөр коррупционерсиңер" деп ачык күнөөлөдү. Албетте, Кулов да тим отурабы, Садырбаев күнөө таккан ар бир иш боюнча жоопторун берди. Бекназаров болсо: "Эки жылда көп иш жасаган колуңуздан келмек, жасай албадыңыз, эми баары бир премьер-министрликке өтпөйсүз, андан көрө жигитче кандидатураңызды алып салыңыз да, башка иш жасаңыз" деп кеңеш берди эле, ага Кулов кулак какпады.

Сен туруп, сен чык
Жарыш сөз жыйынтыкталып, бир күн кечке Куловду узун-туурасынан моокуму канганча жиликтеген эл өкүлдөрү комиссия түзүп, добуш берүүнү баштады. Добуш бюллетень аркылуу жабык түрдө өттү. Жыйынтыгы - премьер-министрди шайлоого 65 депутат катышып, 39 депутат каршы, 23 депутат макулдук берип, багы жокко дагы жок болуп, эл өкүлдөр элегинен өтпөй калган Кулов залдан шайдоот чыгып, журналисттерге "президент экөөбүз тең окуя ушундай болорун күткөнбүз, албетте, өкмөттүн отставкасы кээ бир депутаттарды чочутуп, катуу ойлонтту. Ар ким өз тагдыры үчүн күрөшөт да. Бирок, президент менин кандидатурамды кайра-кайра көргөзүүгө убада берген, демек, алакан жайууга али эрте" деди.
А узун кулактардын айтымында, Акүйдүн адаттагы "бармак басты, көз кысты" сценарийи акырындап ишке ашып жатат. Эми бүгүндөн баштап, "сен туруп, сен чык" жашынмак оюнуна жол ачылды. Күтө туралы...

Жылдыз МУСАБЕКОВА




  Көк аты көктү көздөй жүгүрөт дейт

Эмил Алиев:
"Алтынбаш падыша келсе да, эч нерсе өзгөрбөйт"
Саясый аренада олуттуу орун ээлеп келген "Арнамыс" партиясынан бөлүнүп чыккандар болду. Аталган партияга бул канчалык зыян апкелери жана анын негиздөөчү Феликс Кулов кандай кабыл алды, ушул жана башка суроолор менен "Арнамыстын" лидери Эмил Алиевге кайрылдык.

- Эмил мырза, сиз лидерлик кылган партиядан "Берен" уюму бөлүнүп чыкты. Мунун сиздерге канчалык зыяны тийиши мүмкүн?
- Тарыхта мындай көрүнүштөр көп эле кездешет. Жакынкы эле тарыхты карасак, КДКдан ЭРК, "Атамекен" партиялары чыккан. Азыр Кыргызстандын саясый аренасында үч Компартия бар. "Арнамыстын" мүчөсү 30 миң, тарыхы бай, андан 5-6 адамдын бөлүнүп чыгышы эч кандай зыян алып келбейт.
- Мүчөлүктү убактылуу токтотуп турганы менен Ф.Куловдун жүрөгү "Арнамыска" тартса керек. Ал киши кандай кабыл алды?
- Кимдин болсо да мындайга жүрөгү оорубай, өксүбөй койбойт. Алардын арасында 1999-жылдан бери биз менен жүргөн балдар бар. Алар менен партиянын ысык-суугун бирге тартканбыз. Бирок бизге эч нерсе айтпастан, расмий түрдө партия катарынан чыкпастан эле жаңы партия түзгөндөрү туурасында коомчулукка жарыялап койгондору түшүнүксүз. Бирок бул алардын өз эрки, ага мыйзам чегинде да жол берилет.
- "Арнамыс" коомчулукта мурда ээлеген позициясынан тайыгандай элес калтырат...
- Мурдагыдай эле алдыңкы орунда келатабыз. Акыркы сурамжылоолор деле муну айгинелеп турат. Эл биздин партиядан көптү үмүт кылат.
- Сиз өткөндө 30-декабрдагы Конституцияга президент кол койбосун деп билдиргенсиз...
- Туура, азыр деле ошол позициядамын. Аны кийинки парламент деле кабыл алып бермек. Бул Конституция шашылыш, чампалап эле жасалып калды.
- Ноябрь жана декабрь Конституцияларынын кайсынысы көңүлүңүзгө төп?
- Мага экөө тең жакпайт. Эгер ноябрь Конституциясын шашпай, талкуулап туруп кабыл алганда, ошол эле Башмыйзам бир топ прогрессивдүү болмок. Декабрь Конституциясы менен биз кайра артка жылып, президенттик-парламенттик башкарууга келдик.
- Ф.Кулов туурасында коомчулукта көп пикир бар. Басылмалар "кризис-менеджер", "жасалма кризис жаратуучу" деп жазып келет. Карапайым калктын да ал инсандан көңүлү калгандай...
- Байкап жүрөм, коомдук пикирди өзгөчө "Агым" түзөт. Силер кандай жазсаңар, эл ошондой кабыл алат.
- "Кризис-менеджер" деп биздин гезит жазган жок.
- Кулов Кыргызстанда саясый атмосфераны жаратып келген адамдарга башынан жаккан эмес. Мурунку бийликке да, азыркысына да. Интрига жасап тигил жакка да, бул жагына да ойногон адамдардан эмес. Силер жазып жүргөндөй "сасык" саясатка ал аралашкысы келбейт. Бирок, ар тарап бул инсанды өз жагына тарткысы келет.
- Мисалы...
- Ошол эле "реформачылар".
- Бийлик тарапта андай күчтөр барбы?
- Ал жакта да жок эмес. Ортого чок салгысы келгендери көп.
- Арасында Кулов бар деп сактанбастан, ачык жооп кылсаңыз. Бул бийликке ичиңиз чыгабы?
- Бийлик алмашканы менен иш-аракети бипбирдей. Жасаган кадамынан сүйлөгөн сөздөрүнө дейре. Бирок, Бакиев эмес, алтынбаш падыша келсе да эч нерсе өзгөрбөйт. Адегенде биз Кыргызстандын ар бир жаранынын аң-сезимин өзгөртүүбүз зарыл. Биз азыркы мээбиз менен бир бүтүн организмдей ой жүгүртө албайбыз. Анүчүн бирдей билим, бирдей мүмкүнчүлүк берүү керек. "Ачкага балык бербе, кайырмак бер, нан бербе, соко бер" деген эле принципти карманалы.
- Эмнеге Феликс Кулов ХИПКке кирүү жоопкерчилигин өз мойнуна алууда?
- Акыры бир саясатчы, мамлекеттик кызматкер жоопкерчиликти өзүнө алганы туура. ХИПК бүгүн болбосо, эртең чыкмак. Кулов ХИПКке киребиз деген толук бүтүмүн айталек. Бирок, башка саясатчылардан да ХИПКке альтернативдик жолду көрсөтүүнү суранды.

Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


АКШ сенаторлору президент Ж.Буштун Ирак боюнча жаңы стратегиясы улуттун кызыкчылыгына туура келбейт деп чыгышты.
***
Бул державанын кийинки президенти афроамериканец болушу мүмкүн. Демократиялык партиянын өкүлү, 45 жаштагы сенатор Барак Обамга америкалыктардын 93 пайызы берерин билдиришкен. Ал эми сенатор өзү шайлоого катышары туурасында 10-февралда расмий жарыялайт.
Япония II дүйнөлүк согуш учурунда бактериологиялык курал даярдаган. Бул туурасында АКШ архиви тарабынан ачыкка чыгарылган документтерде айтылганын "Санкей" гезити жарыялаган.
***
Бирок, ушу тапта бу Күнчыгыш өлкөсү Израиль менен Палестинди ынтымакташтырууга көпүрө болууга даяр.
Украина. Жогорку Раданын депутаты Евгений Кушнарев Изюм шаарында аң уулоо маалында ок жеп, ооруканадан шаршемби күнү каза тапты.
Венесуэла президенти Уго Чавес өз маянасын 700 долларга чейин түшүрдү. Айтымында, ага айтылбастан, мындан эки эсе көтөрүп коюшкан.
Ирак. Өлкө бийлиги Саддамдын жана анын пикирлештеринин дарга асылышын кан кууп өч алуу эмес деп билдирди.
Табият. Европалыктар кар эмне экенин билбей калышы ыктымал. Бул - климаттын жылууланып баратышынан улам.
***
Ал эми Калифорнияга 20 жылдан бери жаай элек кар түштү.
WWW маалымат булактарынан даярдаган Айнагүл Сапарбек кызы















'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz