Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


 Хайл, Сайракан!


l Сая-саалы
Өзүм "киргизип", өзүм "чыгарам"
Ушинтти Феликс Шаршенбаевич. "Кыргызстандын ХИПКке болгон тагдырын мен моюндайм" деди. Быйылкы жылга сырткы карыз үчүн мамлекет 70 миллион доллар төгүшү керек. А казынаны кагып көрүшсө, болгону 50 миллион гана төгө алат экенбиз. Убактылуу өкмөт башчынын айтымында, 2010-жылга чейин ар жылга 80 миллион доллардан төгүшүбүз керек. "Ал эми жылдык бюджети 600 млн. долларды түзгөн азыркы шартта ал суммаларды төлөп туруу өтө кыйынга турат. Карызын төлөй албаган мамлекетти да мамлекет деп айтууга болобу?" дейт Феликс мырза. Айтор, сөздүн төркүнү ХИПКсиз жол жок экенине келип такалды. "Темир" генерал: "ХИПК программасына кирсек бизди эч ким сырттан башкарбайт, эч кимге көз каранды болбойбуз" деп күйүп-бышты.

Кыргызстан кыргыздар үчүнбү?
Кыргыз өкмөтү "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамга таянып, чет өлкөлүк ишкерлердин биздин аймакта дүңүнөн соода кылуусуна тыюу салып, чекене соода жүргүзүү укуктарын чектеди. Ушундай жол аркылуу чакан жана орто бизнести өркүндөтүү керек экендигин белгилешти. 2007-жылдын 1-апрелинен баштап Кыргызстанда соода кылышкан чет элдик ишкерлерге катуу эреже киргизилип, алар миграция жана жумушка орноштуруу комитетинен атайын уруксат алмайын ишкерлик жүргүзө алышпайт. Уруксат алган ар бир чет өлкөлүк өкмөт чөнтөгүнө 20 миң сомдон төлөшү керек.

Парламент тарасын!
"Кыргызстанды сактоо" кыймылы жаңы Конституцияга кол койгондугу үчүн президентти айыптап, ал эми катары менен конституция кабыл ала берген принципсиз парламентти таратуу үчүн кол топтоо акциясын баштамай болушту.

Аз күндө М.Акаева келет
Россиянын В.Леонтьев атындагы Академиясы дүйнөлүк экономика илимдерине кошкон зор салымы үчүн Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевге алтын медаль ыйгарды. Бул кабарды экс-президенттин жубайы М.Акаева AКИpress агенттигине билдирген. М.Акаева андан сырткары жубайынын Россия илимине талбай эмгек кылып жатканын айтып, өзү болсо китеп жазып атканын, кандай жазып бүтсө, ошо замат Бишкекке келип ал китебинин ачылыш аземин өткөзөөрүн билдирген. Ошондой эле Майрам апчебиз "Мээрим" кайрымдуулук фондунун ишин токтотпой, улап жатканын айткан.

Шайлиевадан шаңк!
Ысыккөлдүн экс-губернатору, "Жаңы күч" партиясынын лидери Токон эже Шайлиева президент менен убактылуу премьер-министрге "Өкмөттүн жаңы курамынын 50%ын аялдардан алгыла. Аялдар жоопкер, чарбачыл, үнөмчүл болушат. Аялдар башкаларчылап арак ичишпейт, сауналарга барышпайт, саясый оюндарды кылышпайт" деди...

БШК башы баштады
БШК кийинки жумада шайлоо жана нормативдик-укуктук актылар жөнүндөгү долбоорду жаңы Конституцияга ылайык келгендей кылып өзгөртүү үчүн парламентке жөнөтөт.

Өлкө өлө өсүп атат
Өкмөт башчы кечээ ЖК жыйынында эң жакшы көрсөткүч катары экономикалык туруктуулуктун сакталып калганын айтты. Сандар менен айтсак, өткөн жылдагы инфляция 5,1%ды, сомдун долларга карата бекемделиши 7%ды түзгөн. ВВП көлөмү 2,7%га, эгерде "Кумтөрдү" кошсо ал 5,1%га өскөн. Пенсия көлөмү орточо 10%га көбөйгөн, б.а. 2007-жылдын 1-январынан тартып ГУИН жана ИИМ кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көбөйгөн.

Көнбөсөңөр - көрөсүңөр!
ЖК депутаты З.Эсенаманов өлкөнү авторитардык режим каптап баратканын "Реформа үчүн" Кыймылындагы депутаттардын тууган-туушкандарын четинен кызматынан айдап жаткандыгынан улам айтып чыкты. Ал эми вице-спикер Т.Сарпашевдин бир тууган агасын "14 млн. сом салык жашыргансың" деген шылтоо менен темир тор артына камашкан.




l Крим-аалы
Жолдон ажал тапты
Ысыккөл районундагы Балыкчы - Чолпоната автожолунун 72 км аралыктагы Бает кыштагынан 15-январь күнү Тоң районунун Актерек айлынын тургуну, 43 жаштагы Т. Далиеваны "Ауди-100"автомашинасы сүзүп кеткен. Жабыркаган айым ошол жерден жан берген. Айдоочу кармалды.

Өзүн зордуктап, акчасын да алып
16-январда Бишкекте жашаган 21 жаштагы көчө селсаягы (бомж) М. Ларипов колго түштү. Ал Совет көчөсүндө жайгашкан киоскиге кирип, 23 жаштагы сатуучу З. А.-ны бычак менен коркутуп зордуктап, 2 миң сомун алып кеткен.

Чоң энесин сабап өлтүрдү
Карабалта шаарынын тургуну, 70 жаштагы Л. Прудникованын башы жарылган өлүгү 16-январь күнү өз үйүнөн табылган. Катуу изилдөөдөн улам набыт болгон карыянын 29 жаштагы небереси Д. Петухов кармалды. Ал чоң энеси менен уруша кетип, катуу тепкилеп өлтүргөнү аныкталды.

600 грамм марихуана
17-январда Карабалта шаарынын Алексеевка айылынын 45 жаштагы тургуну Д. Абдрахманов 600 грамм марихуана менен кармалган. Ал эми 16-январь күнү Сокулуктан Бишкектин 39 жаштагы жашоочусу В. Муштаков колго түштү. Анын "Мазда-626" автомашинасынын салонунан 2кг опий, 1кг героин табылган.

Биртуугандар бычакташты
Сузак районунун Көкжаңгак айылында жашаган 47 жаштагы Н. Газиев 16-январь күнү үйүнө мас абалында келип, 49 жаштагы агасы И. Газиев менен мушташа кеткен да. Агасы инисин көкүрөккө бычак менен сайып салган. Учурда жабыркаган Газиев ооруканада.

Акчасын ала качты
Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Б. Исакеев кармалды. Ал 17-январда батыш автобекетинен Көлмө жаңы конушунда жашаган 27 жаштагы А. Каракойчиеваны коркутуп, акчасын алып алган.

Жашырылган курал
Чоңалай районунун Доороткоргон айылынын 24 жаштагы тургуну П. Дорубаев 18-январь күнү милиция кызматкерлеринин колуна түштү. Үйүнөн 1964-жылы чыгарылган 16 калибрлүү К 2870 номурлуу мылтык табылган. Учурда айыпкер катталбаган мылтыкты мыйзамсыз түрдө алып жүргөнү үчүн тергөөдө.

Энесиндей адамды тоноп...
17-январь күнү Ош шаарынан 19 жаштагы У. Топоев кармалды. Ал Ош автобекетинен Сопукоргон айылынын тургуну, 45 жаштагы Б. Осмоналиеванын курткасын чечип кеткен.




l И-тагдаалы
"Реформа үчүн" Кыймылы неге унчукпайт?
Жаңы жыл босогосун аттап гезитибиз чыга баштагандан тарта телефон кулагын тындырбай, тынчсыздануу менен ар кандай катмардагы окурман журтубуздун суроолору күн санап күчөп туру. Сүйлөшүп алышкандай эле "биз ишенген "Реформа үчүн" Кыймылы эмне унчукпайт, эртеңкибиз эмне болот эми?" дешет. Кыймыл мүчөлөрүнөн алынган акыркы маалымат мындай: эч кандай тарабай-этпей эле өз ара сүйлөшүүлөр, соңку учурдагы оош-кыйыш окуяларды терең изилдөө, талаптарды тактоо жана уюштуруу маселелери менен алектенип жатышканын маалымдашты.

Саякстан үндөйт, Саякстан сүйлөйт
Кечээ түшкө маал алыскы Чаектен жумгалдыктар редакцияга чалышты. Көрсө, Кочкордо болуп өткөн жер титирөө жанындагы Жумгал районунан кыя өтпөптүр. ЭЧКМнын райондук кызматкерлери бир эле Кызарт айылынан жарака кеткен 156 үйдүн 65ин жашоого жараксыз деп табышкан. Андан башка кулаганы калган мекемелерди айтпаңыз. Жумгалдык туугандар "Бүгүнкү бийлик Жумгалды унутту. Депутатыбыз Э.Байсаловду Каракечеден Н.Мотуевден жаакка жегенден бери көрөлекпиз. Миңкуштун абалын болсо сурабагыла. Эгер мындай мамиле улана берсе, күн жылыганда пикет кандай болорун көрсөтөбүз" дешип араң токтонушту.

Камчы менен Рысбектин тирешүүсү улануудабы?
Чолпонатадагы Киров атындагы орус орто мектебине былтыр №31 колонияда каза тапкан Тынычбек Акматбаевдин атын берүү демилгеси көтөрүлүп келген. Тиешелүү инстанциялардан уруксат алынып, мына-мына аты берилетке келгенде мектепте педсовет өтүп, мурдатан макул болушкан мугалимдер айный башташкан. Себебин айрым булактардан изилдесек, аларды К.Көлбаевдин жигиттери чогултуп, кыска-нуска "педсовет" өтүп коюшуптур.

Сариевди садагага чабалышпай...
Бүгүнкү бийликтин башкы прокуратурасынын, УККсынын иш алып баруу деңгээлин көрүп, баш чайкабаска аргаң жок. Депутат Т.Сариевди да "Манас" аэропортунан ушинтип баш чайкаттырып кармашып, өзүнчөле "дүң" болушпады беле. Арийне, башкы прокуратуранын адистери Темир мырзанын иш-аракеттеринен кылмыш ишин, негиздерин табалышпай, "мыш" болуп атышыптыр. Ал эми тергөөнүн чоо-жайын сурасаң унчугушпайт.

Жолборс Жоробеков жөн жаткан эмес
Биздин гезитибиздин 16-январь күнү чыккан санында кабарчыбыз А.Токсонбаев "Меккеде 21 мекендешибиз каза тапты" деген макаласында ажылыкка барган мекендештерибиз каза таап атса, муфтият менен дин агенттиктин башчылары алардан дайын алыша элек" кыязында жазган. Ага карата дин агенттиктин директору Ж.Жоробеков окуя болгон күнү Дубайдагы консулубуз Сауд Аравиясына кире албагандыктан, казак элчилиги менен байланышып, каза тапкан жана жаракат алгандардын аты-жөнүн официалдуу органдарга жана ММКларга бергенин кабарлады.

Кимдин-кимдин заманы? Криминалдын заманы
Өткөн жуманын бейшемби күнү Ысыккөл облусунун Бактуу-Долоноту айылынан "Ысыккөл" жылкы заводунун деректирин гаражынын жанынан куралчан жети адам күчтөп машинага салып кетишкен. Бишкекке алып келишип, "Жал" кичирайонундагы үйлөрдүн биринде кармашып, уруп-согуп, деректирликтен кетүүгө арыз жаздырышкан. Бирок Кудай жалгап деректир өзү качып чыгып, милийсага барган. Азыр кылмышкерлер изделүүдө.










'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz