Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Бомбейкат

l Сал, сал, сал-салык
"Местный салык" деп мээ айлантышты
Кыргыз республикасынын мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчисине Биз кышкысын үйдү электр кубаты менен жылытабыз. Кышында пайдаланган электр айына орто эсеп менен 2500-3000 кв/саат болот, баасы 1550-1860 сом. Ал эми жергиликтүү салыкты 4% кармаганда, 62-75 сомду түзөт. Жергиликтүү райондук, шаардык кеңештин чечими боюнча 4% жергиликтүү салык аткарган кызматтын наркынан (со стоимости оказанных услуг) чыгарылып эсептелүүсү шарт. Ал эми бир киловатт сааттын бизге сатылган баасы 62 тыйынды түзсө, анын ичинен бизге көрсөткөн кызматы болжол менен 10-20 тыйындан ашпоо керек. Демек, 4% жергиликтүү салык мындан эсептелбей, электрдин сатуу баасы менен эсептелгени туура эмес, мындайча айтканда НДС - 4% болуп жатпайбы? Ал эми экономика илиминин эрежеси боюнча, чыгарылган товардын сатылуучу баасына бардык салыктары кирет. Бирок жергиликтүү салыкты жеке адамдар эмес, муну электросеттер төлөө керек. Бул жөнүндө мен 2002- жылы жыйналышта айтсам, антимонопольный комитеттин өкүлү "макул, текшеребиз, жыйынтыгын айтабыз" деп алдап кетти. 2006-жылдын август айында мен бул жөнүндө Аламүдүн райэлектросетине арыз жазып бердим, андан жооп жок.
2005-жылы мен Кыргызпромстройбанк N 0006 06 11 603 деген счетко 480 сом 77 тыйын өткөрүп счет ачтырдым. Бухгалтер бул үчүн жергиликтүү салык деп 4% же 19 сом 23 тыйын кармап калды. Чынында счет ачкандыгы үчүн банк акы алган жок. Ал эми "кайсы "оказанные услуги" үчүн 4% акча кармайсың?" деп сурасак, "480 сом өткөргөн үчүн местный налогго төлөйсүз" дейт. Мына ушундай "черезчур грамотный" адамдар иштейт экен. Ушул операция кантип туура болсун? Менин түшүнүгүм боюнча эч бир көзөмөлдөй турган мекемелер "жок" болуп жатат. Шаардагы ТЭЦтер өндүргөн электрдин баасы жогору экенин билебиз. Анын баасын чыгарганда ысык суунун баасы эсептелбейт экен, анысы аз келгенсип, гидроэлектростанцияларда өндүрүлгөн электрдин баасын чыгарганда ТЭЦтин өндүргөн электр баасы кошулуп орто эсеп менен жалпы наркы чыгат экен. Мындай эсептөө албетте шаардыктарга пайда, ал эми айылда жашагандарга оор, демек, калыстык болбой калат. Ошондуктан айылда жашагандардын абалы оор болуп, шаарга качып жатпайбы. Миңдеген адамдардын укугу бузулуп жатканын эске алып, толук текшерип чара көрөт деп үмүттөнөм.
Т. СМАИЛОВ, пенсионер, Ташдөбө айылы, Аламүдүн району


l Ороңдойт да, короңдойт
"Темир боор" Темирбаевди тескеген киши болобу?
Саламаттыкты сактоо министри Ш.Ниязовго
М ен өзүм Москвада иштеп жүрөм. Кызым катуу ооруп калган экен, Кыргызстанга дароо учуп келдим. Кызым болгону беш жашта. Бишкекте, Көлдө дарылаттым. Андан соң биротоло сакайсын деп, тиешелүү медкагаздарды, направлениени алып, Кочкората шаарындагы балдардын регионалдык санаторийине алып бардым. Эми башкы врач Темирбаевдин жоругу жолдо калсын. Бизди кечке чейин кабыл албай, анан кечинде киргизип алып, опузалап: "Оштон келсеңер орун жок, мен жалалабаттыктарды кабыл алам" деп күпүлдөдү. Башкы врач мен берген документтерди колуна алып: "Буларың жарабайт. Азыр мамлекет жок. Мен жалалабаттыктарды гана кабыл алам" деп ороңдоду. "Мен эмне Кытайдан келиптирминби?" деп акыры жиним келди. Ошентип оорулуу кызымды кабыл албады. Темирбаевдин боору "темир" экен. Саламаттыкты сактоо министрине кулак кагыш болсун дедим. Кандай ак халатчандарыбыз бар экенин билсин.
Н.ИЛЬЯЗОВ, Москва шаары, Россия


l Көлдүк депутаттарыбыз К.Исабеков менен А.Малиевге
Болот Мамбетовдун сөөгүн алып келели
Ыйык Көлдөн чыккан улуу инсандарыбызды тизмектеп олтурбайын. Көлдүн тескей
элинин депутаттары К.Исабеков менен А.Малиевге талап койчу сөзүм бар.
Элди жакырчылыктын оруна салса да, Аскар Акаев оозго аларлык бир иш жасап кетти. Ал көрүнүктүү ишмер Исхак Раззаковдун сөөгүн мекенине алып келип койдурду. Москвада дагы бир кыргыздын кулуну, учурунда куугунтукка кабылган эл уулу Болот Мамбетовдун сөөгү жатат.
Эки депутатыбыз бул маселени көтөрүп, Болот Мамбетов агабызды Көл жергесине алып келип коюуну мамлекеттик деңгээлде карашсын. Антпесе, көлдүк пенсионерлер пенсиябыздан чогултуп, маселени көтөрүүгө аргасыз болобуз. Болот Мамбетов агабыздын арбагы ыраазы болсун дейбиз.
Эшмурат САМҮДҮНОВ, пенсионер, Ысыккөл районунун ардактуу атуулу


l Наам, орден, медаль эле керекпи?
М.Конгантиев генерал-майор, А.Мадумаров - фельдмаршал, К.Бакиев - генералиссимус
Эски жылды бирөөлөр оор жыл болду, кымбатчылык күчөп, кылмышкерлер, баш көтөргөн
зөөкүрлөрдүн жылы болду дешсе, кээ бирлери дардаңдашып орден, медаль, жогорку аскердик наамдарды алышып, биз үчүн жемиштүү жыл болду дешүүдө. Ошентип ажого дагы жемиштүү жыл болдубу, 2006-жылдын аягы менен аяз атадай ишаратын кылып, ноябрь айында Акүйдү жан берип жакшы коргоп туруп беришкендерге белек-бечкегин аяган жок.
Маселен, атактуу Конгантиев Молдомуса Бишкек шаардык милийсанын башчысы дагы милициянын жогорку генерал-майор деген наамын алып, көйнөгүнө батпай жүргөн мезгили. Ошентип ал азаматка кайсы эмгеги үчүн ушул наам ыйгарылды экен деп ички иштер кызматкерлеринин арасында өйдө-төмөн сөз арбын. Же "Реформа үчүн" Кыймылынын мүчөлөрүн аңдыганы үчүнбү? Молдомуса мырза Жалалабат шаарында башкарганы беш киши болуп жүрүп эле, анан кандай болуп өлкөнүн борбор шаарына милийсага башчылык кылып калды деген суроолор көп, бирок жооп бере турган киши жок.
Молдомуса дайындалгандан бери Бишкек шаарында акыркы эки жылда кылмыштуулук күч алып, 2006-жылы республикада катталган кылмыштын төрттөн бирин түзүп, 8018 кылмыш иши катталса, анын болгону 4535инин бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу болгону 52,4 пайызды түзүп, былтыркыдан дагы төмөн болуп, анын ичинде адам жана анын мүлкүнө карата жасалган 7948 кылмыштан болгону 3395инин бети ачылып, ал бар болгону 48,5 пайызды түзөт, ал эми оор кылмыштардын бетин ачуу 46,9 пайызды түзсө, өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу 62,3 пайызды түзгөн. Заказ менен өлтүрүлгөн саясый лидерлерден акыркы эки жылдагы бир дагы кылмыш ишинин бети ачылган эмес. Бүгүнкү күндө кылмыштуулук менен күрөшүүдө Молдомусанын профессионал катары жараксыз экенин түшүндүрүү менен анын методу ал кылмыштын бетин ачуу эмес, анын милдети Түштүктөн канча милиция кызматкерлерин алып келип Бишкек шаарына жайгаштыруу. Же өзү билбесе, же алып келген кадрлары билбесе - анан кантип кылмыштын бети ачылат? Ушундай акыбалды көрүп-билген профессионал кадрлар да иштегиси келген жок. Борбор шаарыбыздагы өздүк курамдын (Молдомусанын менчигине кирбегендер) нааразычылыктары күндөн-күнгө күчөөдө. Көрсө, жогорку аскердик чин элге зыян кылганы үчүн дагы берилет экен. Эң негизгиси, Акүйдү эрдик менен кайтарып, элди итке талатып, ок аттырса дагы эрдик болуп эсептелет экен деп эл айраң-таң.
2006-жылдын жыйынтыгында ажо баш болуп, аскердик наам албай бир аз гана адам калган. Алардын айрымдары: Д.Үсөнов, А.Мадумаров, М.Садыркулов. Ноябрдагы митингде эл Акүйгө отуз метр калганча кирип келгенде дагы ажону таштабай эрдик менен туруп бергендери үчүн бул азаматтарга "фельдмаршал" деген наам берсе дагы көптүк кылбайт. Ал эми генералиссимус деген жогорку аскердик наам мамлекет башчысы К.Бакиевге ыйгарылсын. Ушул айтылган аскердик наамдарды кийинки элдик жыйында бекитип берели деп милициянын патриоттору элге сунуш кылалы деп жатабыз. Бул бийлик элге тынччылык каалагандай сезилбейт. Спецслужбаларды кылмышкерлер менен күрөш дегендин ордуна, бийликке жакпагандарды сабатып-тонотуп, артынан аңдытып, алдын тосуп, көрпенделик саясаты дагы эле калган жери жок. Акаевдин бийлигинен бул бийликтин айырмасы эмне?
Акыл АКУНОВ, милициянын запастагы полковниги


l Күйгөндөн айтам бир сабак
"Жылаңач учуп, жылаңач келгиле"
Элге күйүп-быша турган саналуу гана эр-азаматтарыбыз бар. Ысымдарын атабасам да, бийлик бийликтигин кылып, ошол уулдарга ор казганын токтотпой баратат. Эгер ушундай жигиттерди жок жерден жаманатты кылып, бирине баңгизат салып, дагы биринин бизнесине ыгы жок асылганды уланта беришсе, эми жаштар эмес, биз, карылар пикетке чыгабыз. Эл деп күйгөн уулдарыбызды элдин атына жамынып, арамзалык аракеттер менен жүргөндөргө жем кылып жибербейбиз. Тарткыла, колуңарды! Азамат уулдарга айтаарым, биздин аэропорттон уча турган болсоңор, жылаңач учуп, жылаңач келгиле! Кынтык таппай калышсын. Сак боло көргүлө, уулдарым! Аманчылыгыңарды тилеп:
апаңар ЗАРЛЫК, Бишкек шаары


l Жалалабаттыктардын жанына батканда
Акыр-чикирге айландыкпы?
Кыргыз Республикасынын президенти К.С.Бакиевге
Жалалабат облусунун губернатору И.А.Айдаралиевге
Курманбек Салиевич!
Биз, жүздөгөн бечаралар "Мадумар-Ата" соода борборунун жанында, поезд жолунун боюнда соода кылчубуз. Шаардын мэриясы Дүйшөн Мамасалиев келгени базарды иретке келтирүү үчүн ачык асмандын алдында отургандарды жазалап, таркатты. Акчалуулар, артында колдоочусу барлар жең ичинен сүйлөшүп, ошол эле жерден өздөрүнө орун алып, атүгүл комок салып алды. Көпчүлүгү айылына кетти, кээ бири нан табуу үчүн кул болуп кетти. Жетекчилер бизге шарт түзбөй туруп эле, мусор ыргыткандай ыргытты.
Шаар акимчилигинде иштеген Кубат Маматкулов биздин товарларды ыргыттырып, төгүп-чачып туруп, отурган жерибизге өзүнө эки кабат дүкөн тургузду. Укугубузду коргой албай жатабыз. Милициялар аркылуу ургузат, сөктүрөт, каматат. Жакында, б.а. декабрдын башында (2006-ж.) 6 аялды уруп-сөгүп, түртүп машинага салып, СИЗОго камады. Арасында 6 айлык баласы бар эне да отуруп, баласынын богун этегине салып чыкты.
Жогорудагылар көп окуянын бир гана көрүнүшү, арманыбызды айтсак кагаз түтпөйт. Курманбек Салиевич! Сизди биз Жалалабат облусу боюнча (ар жактан келип соода кылгандар) чын ыкластан колдоп, март төңкөрүшүндө митингдин өзөгүн түзгөнбүз. Азыркы жалданма революционерлердин көбү март төңкөрүшүн билбейт. Ал эми биз мартта азабын да, асилин да көрүп, мурдагы бийликти кетирип, чоң үмүт менен Сизди президент кылганбыз.
Тилегибиз орундалбай жатат, жашоо-шартыбыз кыйындады, кымбатчылык күндөн-күнгө өз күчүнө кирүүдө. Шаар мэриясы элдин проблемасын чече албай, ызы-чуу, уруш-жаңжал көбөйдү. Биз ачык асман алдында отуруп өз товарыбызды сатууга да мүмкүнчүлүк ала албай жатабыз. Жергиликтүү жетекчилерди тескеп, элге көңүл бура турган, усулу бар, укугун коргой тургандарды эл башчысына койбосоңуз болбой калды.
Садыржан Оснобаев, Сапаргүл Якубова, Аида Калдыбекова, Махобат Эргешова, Перизат Сыдыкова ж.б. Жалпы 48 адам кол койгон, Жалалабат шаары












'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz