Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Көзачыктар көчөсүн аралай басып...

Аяндар айтат аркыл кеп, "Акүйдөн ажо кетет" деп
Кыргыздар өтө шашма калкпыз. Баардыгын эле күн мурун билип алгыбыз келет. Биздин бул кыялыбызды түшүнгөнбү, айтор Кудай-Таала да эртеңибизди айтып берчү көзачык, көрөгөч бүбү-бакшылардан куру калтырбаптыр. "Ишеним өлбөйт" дейт элибиз. Чындап эле ишеним жеңип, бүгүн бүбү-бакшынын кудурети курчуп, жалганчысы жантаслим болгонго чейин барышууда. Бул - бир тарабы. Бир тарабында табият берген тагдырташ өкчөгүч "сыйкырчылык" заманбап бизнеске айланды. Алсак, базар тегерегин пааналагандарынан тарта журт башынын күнтурмушун көзтасмага салып, болор-коерун болжоп берчүлөр жашыруун эмес. Аларга ишенген аткаминерлер, эл билгилер да күн санап катарын калыңдатып барат. Атүгүл ажобуздун да "ай-жылдыздан" кабар алгычы бар деп угабыз. Мен да собол куржун артынып, бакшы-бүбүнүн "базарын" кыдырдым. Кеп нугуна сапарлаш бололу!..

l Нургазы ЧИКЕЕВ, көзачык, элдик дарыгер:
"Кудайдын сөзү айтылып жатат"
- Нургазы ага, күздүн алгачкы айларынан тарта "көзачык", "айтып берүүчү" дегендер бир ураанга түшкөнсүп эле алдыдагы февраль айын "мамлекетти чоң өзгөрүүлөр күтүүдө", "бийлик толугу менен алмашат" деп келишет. Сиздин божомолдо кандай белгилер бар? Айтылгандарды канчалык деңгээлде коштоп же четке кага аласыз?
- Адам эмнени кааласа, Кудай ошону берет. Ар бир адамдын жүрөгүндө Кудай бар. Бирок, адамзаттын бир кемчилиги - Кудайга карызга ишенип, намаз окумуш, чокунумуш болуп, Кудай менен кызылдай соодалашкандыгында. Эгер ушул кемчиликтен арылсак, анда сен мага собол салып келбейт элең. Себеби, бул собол туулбайт эле. Биз өзүбүздү өзүбүз алдаганда Кудайды да алдап жатканыбызды түшүнүүбүз зарыл. Ар бир пенде эмне кааласа, Кудай ошону орундатат дебедимби, "бийликтегилер жаман" дей беришсе, жакшы бийлигиң да жаман жолго түшөт. Ошо сыңары бул бийликти эл "кет" дей берсе, бул бийлик кетет, сөзсүз. Анткени, элдин кыжырдануусу Алла-Тааланын амири астында табиятка өттү. Жер силкинди. Бул, терс энергия топтолгон жер-жерлерге мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми кандай жол менен кетет - бул да элдин каалоосуна, маанайына жараша болот. Акыркы кырдаалдарга салыштырма-саресеп салсак, эл эмоциялуу кадамдарга дейре барат. Бийлик да ага жараша аракеттенет. Бирок, түбү түптүү элге түткүдөй бийликте дем да, каруу да, эрк да жок.
Кеп, андан аркы кырдаалда жатат. Адамдын пейил-ниети оңолмоюн, айлана-курчоодогу абал да оңолбойт. Ниетти азыртан түздөсөк деле кеч эмес. Бир адамда ниет бузулса, бүтүндөй бир элди бузат. Бүтүндөй элде ниет бузулса, өзүн-өзү жоготуп тынат. Биз буга жетпейли. Жанагы көзачыктардын айткандары, ниеттери ар нерсенин башын кылтыйтып, элди дүрбөтүүдө эмес. Дүрбөсө дүйнөсү аңтарылып түшөрүн элге кыйытып жаткандары. Алар да Кудай сүйгөн пенделер. Андыктан алардын айткандарында кайсы бир деңгээлде Кудайдын сөзү бар экенин эстешибиз керек.


l Айымбүбү, көзачык бүбү:
"Өтө чоң дубалар тирешүүдө"
- Айымбүбү эже, эл тагдыры тууралуу эмне айтарыңыз бар?
- Эч нерсе айтпайм. Көзачыкмын деп чыгып алып ар нерсени айткандар туура эмес кылып жатышат. Табигый кырсык Кудайдын буйругу менен каалаган учурда, каалаган жерде боло берет. Анан азыркы бийликтегилердин баары эле көзачыктар менен байланышып, ошолордун дубасы менен иш кылып калышыптыр. Дубаны тирештире берүү туура эмес. Ал жерде адамдын акылы жеткис чоң сырлар бар. Алар менен ойноого болбойт. Эгер бир-эки ай же он-он беш күн өтүп-өтпөй президент бийликтен кете турган болсо, өзүм кабар берем. Азыр шашпагыла. Баары жайында эле болот. Учурда бийликте да, элде да дубанын күчү биринчи орунда. Чын айтсам, азыр өтө чоң дубалардын тирешүүсү жүрүп жаткан чак. Бул жаман жагына оосо, адам өмүрүн алып кетээри да анык.


l МУРАТБЕК, төлгөчү, көзачык:
"Тагдырдын жазалаар күнү жакын калды"
- Саясаттагы аян-маалыматтардан сиз да кур болбосоңуз керек?
- Мен андай маалымат берүүгө акым да, жолум да жок. Болгон күндө да айтпайм. Себеби, аян ар түрдүү келет. Аян деген чечмелөөгө муктаж белги. Ал аянды кабыл алуучу туура чечмелей албаса, курулай калпычы атыгат. Элди дүрбөтөт. Анан ага акаарат айтыла баштайт. Мен муну каалабайм. Мен жеке адам өзү кайрылса тагдырына төлгө тартып, дуба салам. Бүгүн журттун тагдыры менен ойногон болбойт. Бирок, аян келээри чындык. Болгону аны жакшы жакка чече билиш керек. Бир эле сөзү бузулса, бүтүндөй аян бузулат. "Баланча күнү түкүнчө кетет" дегендерге эч кошулбайм. Алар да Кудайдын кулу. Жашасын, бар болсун. Бирөөнүн жамандыгын тилебеш керек. Элге запкы көрсөтсө, ырысын кыркса, аны тагдыр өзү жазалайт. Бул күн биздин чоңдорубузга жакын экенин айткандары чындык. Менде да бул белгилер жок эмес. Бирок, качан, кантип жазалаарын айтпайм.

l Бурул ТӨЛӨМҮШ кызы, көзачык:
"Бизге Ысыккөлүбүздөй чайпалбаган башчы келатат"
- Бурул эже, сиз гезитибиздин жакынкы сандарында эле "бийлик башы 27-февралда кетет" дедиңиз эле. Эгер кетсе, кандай жолдордун негизинде кетээри жана келе турган журтбашы кай кызыкчылыкты багыттаарын маалымдай аласызбы?
- Ким билсин, Акүй эмне болуп
жатканын,
Бычак учу жалтырайт,
сайышканы жатабы?
Казан-аяк калдырайт,
май томуруп атабы?
Май томуруп жатса экен!
Алла-Таалам астейдил
Берекесин берсе экен!
Данияр - мээ, Феликс - баш, Курманбек - төш, Кыяз - көз, Өмүрбек - өт, Аскар - ашказан, Мелис - кол, Адахам - тиш, Марат - каш, Турсунбек - тил, калганы - "эл үчүн, жамаат үчүн каниет кылалы, топук кылалы" деп иштеп жүрүшөт.
Бийликтин кетишине негизги үч жол бар. Азыр абдан оор сыноодо турушат. Аттиң, бирок чыгууга негедир жол бүдөмүк. Чынымды айтсам, азыр эч нерсени ачык айтпайм. Мага да жашоо керек. Бири-бирибизди туура түшүнүүнү каалайм. 15-декабрь күнү КТРдин "Багыт" берүүсүнөн Бактыгүл деген кызым жазып кеткен. Бирок, 4-5 күн мурун эле араң чыгарышты. Ошондо алдыда эки чоң кырсык күтүлүүдө дегем. Бири Күнчыгыш тарапта, бири Күнбатыш тарапта дедим эле... Таба эмес, тобо... Ошол экөө да келди. Бул - табият берген эскертүү, сыноо. Эл чуулганды, алдамчылыкты, өкүмзордукту көтөрө албай калды. Элдин энергиясы жерге өтүп, жер да көтөрө албады. Акылыбызга эртерээк келели. Бөөдө кырсыктан, бей-күнөөдөн, шайтандын азгырыгынан алыс болсок, бизге Ысыккөлүбүзгө окшогон, чайпалбаган адам келет. Биз ошону күтүүгө даяр болушубуз керек.




Божомолдор болобу?
Кеп маңызын аңдасаңыз керек. Кыскарта чаап айтсак, боло турган божомол болот өңдөнүп туру. Болгону ал кай түстө, канчалык күчтө демекчи, кай өңүттү көздөөрү дале бүдөмүк. Жогоруда мен негиздүү делген жана эртеңибизге чындап жакыныраак сезилген жоопторду гана иргеп алдым. Жыйырмага жакын "чымыны" барларга собол таштаганымда, айрымдары так секирип жооп берүүдөн качса, айрымдары келечек журтбашчы болчу ушул деп жеке адамды сүрөттөп, атургай аты-жөнүнөн бери кабар берип жиберишти. Бирок, баардыгы тең эле бир ооздон "гезитке жаза көрбө, бизди да ойлоп кой" дешкени таңдандырды. Атургай дуба тирешүүсүнөн көзачыктардын катарынан да майып болгондору кездешип жаткандарын айтышты.
Эң негизги ток этээр сөз - бүгүнкү күндө ар бир аткаминер, эл билгилер акыл-дээрине "көзачык" коштотуп, дубага бөркүндөй ишенип жашары анык болду. Демек, сөз жыйынтыгы "көзачыктардын божомолуна ишенсең-койсоң өзүң бил" деп аяктайт өңдөнөт.

Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ










'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz