Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Аял жакшы - эр жакшы

Адахам + Агилаш = саясатпы?
Сүйүү карыңа, жашыңа, улутуңа карабаган улуу сезим экени кылымдар бою даңазаланып келет. Сүйүүсүз жалган дүйнөдө жашаганың курусун. Анан биздин аткаминер эл каймактары да убагында сүйүүгө мас болуп, арзыганына артынан чуркап жүрүп жетишкен. Окурмандарыбызды мындан ары саясатчыларыбыздын жубайлары менен тааныштырып, ылайык көрүшсө, маектешсек деген ниеттебиз. Бул ирет тек гана кыргызга башка улуттан келин болуп келген өмүрлүк жарларын тизмектедик.

Адегенде эле ажобуздун байбичеси, өлкөбүздүн 1-ледиси, бүткүл кыргыздардын апасы Татьяна Бакиеванын улуту орус экени жалпыга маалым. Окемдердин астына ачуу басарга барып, кулдук ургандар, тоюс, орустарга күйөө бала болгондор: депутат Кабай Карабеков, президенттик администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев, улуттук банктын экс-төрагасы Улан Сарбанов. Дагы айрым бараандуу чиновниктердин алгачкы жубайлары орус улутунан болгондору бар. Бирок оттору күйүшпөй ажырашып кетишкен. Андыктан күйөөлөрүнүн өтүнүчү менен аларды жазбадык.
Сенатор Кабай мырза жеңебиз Юля менен тээ Томскиде тарых факультетинде бирге окушкан. 1987-жылдан бери кол кармашып келе жатышат.
Улан мырза болсо жаңыдан армиядан келип, Томскиде окуп жүргөндө келинчеги Анжелика менен таанышкан. Ошондон ушул убакка чейин экөө ысык мамиледе.
Казактардан канкудаларыбыз көп экен. Айталы, мамкатчы А.Мадумаровдун келинчеги Агилаш Мадумарованын эже-сиңдилери Жогорку Кеңеште өтө көп: депутаттар Ө.Бабанов, Э.Алымбеков, К.Ташиев, Н.Абдылдаев Улуу жүз, Орто жүз, Кичи жүздүн кыздарына үйлөнүшкөн.
Булардан Н.Абдылдаевдин жубайы Гүлмира айым жаныбыздагы Алматыдан. Экөө Москвада институтта окуп жүрүшкөн жеринен таанышышкан. Сүйүүнүн күчү менен Кызыл аянтта балмуздак жеп канча басышпады десең... Азыркыга дейре бирин-бири сыйлашып, аябай ынтымактуу бүлөлөрдөн.
Жаш депутат , ийгиликтүү бизнесмен Ө.Бабановдун сүйүктүү жары Рита айым Жамбылдан. Рита айым Казакстандагы белгилүү нефть магнатынын кызы болгонуна карабай, турмушта өтө жөнөкөй, Өмүрбекке чындап жөлөк болгон жубай дешет билгендер. Ал эми Өмүрбек мырза былтыркы ноябрь митингисинде жалпы Кыргызстандын келин-кыздарынын жүрөгүн жаралаганына карабай, үйбүлөлүк очогун бекем тутуп келет.
Сүйүү жашка карабайт эмеспи. Махабат дастанындагы Раймалы Бегимайга бир көргөндө эле ашык болуп калгандай, премьер-министрибиз Ф.Куловдун экинчи жубайы Фатима айым уйгур элинин кызы.

Семетей ТАЛАС уулу




  Айтайын санат термеден

Арстанбек БУЙЛАШ уулу
Кимдин келет көргүсү
Тоо бузулуп, тоз болсо,
Дөң түзөлүп, түз болсо,
Тамдар урап, таш болсо,
Адам көңүлү пас болсо,
Жан-жаныбар кырылса,
Наристелер ыйласа,
Жаны бирге ата-эне
Жалбарып жанын кыйнаса,
Бул - кыяматтын белгиси.
Киши акысын жегендик -
Арамдыктын белгиси.
Тузуна кара санаган -
Айбандыктын белгиси.
Жамандык башка келгенде,
Жан ачыган адам жок,
Жабыркап жанын кыйнаса,
Жан кейиткен кайгы-зар,
Көкүрөккө сыйбаса,
Өйдө чыкса өбөк жок,
Ылдый түшсө жөлөк жок -
Жалгыздыктын белгиси.
Аппак болуп кийизи
Түн ичинде заңкайып,
Ото башы көрүнсө,
Меймандын көөнү бөлүнсө,
Сарала жылкы сан болгон -
Санаты элге даң болгон,
Бай адамдын белгиси.
Сөздүн агын билбесе,
Сөөдүрөп топто сүйлөсө,
Тантыктыктын белгиси.
Айтса кулак илбесе,
Акылсыздын белгиси.
Көңүл сүйгөн жер болсо,
Айткан сөзүң эм болсо,
Акындын келет келгиси,
Бермет сөздү тергиси.
Чагым салып, эл бузуу -
Ыймансыздын белгиси.
Калкы турса каржалып,
Калктын камын ойлобой,
Келечегин болжобой,
Казына чачса калактап,
Эки көзү алактап,
Бул - карөзгөй аким белгиси.
Мындай безер башчыны,
Үйрүп камчы чапчуну
Кимдин келет көргүсү.













'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz