Коомдук-саясый гезит
Public-political newspaper
windows-98'ге
кыргыз тамгасы
Компьютерди кыргызчалатабыз!
Тел.: (0502) 500564
janyzak@mail.ru

№3, 19.01.07-ж.РедакцияАрхив Форумagym@users.kyrnet.kg


  Жыгачты кыйган балтанын сабы жыгач

Эки жыгач боорунан эптеп алган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан жамап алган ким болду?
"Развращает не власть, а страх потерять власть"
(Джон Стейнбек)

Келгиле, "Ханституция аралы" деп ойнойбуз
Ноябрдын алгач күндөрүндөгү митингдер эсиңиздеби? Оппозиция омуроолоп, бийлик айланчыктап, кылчайнашкан кырдаал түзүлбөдү беле? Кылкылдаган эл 9-ноябрда кабыл алынган Конституция үчүн тикесинен тик туруп берген. Шапкелери асманга ыргытылып, салют атылган. Акаев түзүп кеткен бир кишинин бийлигинен арылдык деп сүйүнгөн. "Кыңк" этпей турган кытай сепилиндей Система кулайт деп үмүттөнгөн. Ал илгери үмүттү эки ай ичинде эле таш капты. Бакиев отставкага кеткен өкмөт менен жоголорун туйган Жогорку Кеңештин жоругу аркылуу жаңы Башмыйзамга жетише алды. Митингдердин айынан кол жууган ыйгарым укуктарын кайра алып, бакыйта колун коюп, Реванш акенин коюн союп олтурат. Энди кайрадан жилиги тартылып, билиги жанары турган иш. Кыргызстан саясый оюндардын сазына батып, Башмыйзамды баланын оюнчугуна айлантып алышты. Эми аны менен ойной тургандар четтен табыла берет окшобойбу.
Кайсы бирин айталы, оппозиция маанайындагы депутаттарды айтпаганда, Марат Султанов башында турган парламент "бармак басып, көз кысканга" машыгып да, маашырланып да бүттү дечи. А Президентибизчи? Конституция гаранты болгону менен (канчанчысынын десең?), башмыйзам кабыл алуу эрежелерин эсепке албастан, алып келгенине эле кол койгонду өнөр көрүп алды. Ушундай көрүнүштөрдөн улам "Айыл өкмөтү-2" деген сөзсериал да тегин жерден чыкпаса керек да. "Бали, Бакиевжан, бали!" деп алакан ушалаган киши жок десем да натура. Бийлик кумары менен байлык кумары адам пендесине нени гана кылдырбайт десең. Так-ышто, "Ханституция аралына" куш келипсиз, акалар!

Жерден жик чыкты, эки кулагы тик чыкты
Соңку кезде эл оозуна алына баштаган Compromat.kg аттуу интернет-сайт пайда болду. Шектүү маалыматтарга карк кылып, жугунду төккөндүн жупуну жолун көрсөтүп келет. Артында ким туруп, кимдин чоорун тартып жатканы белгисиз. Оозуна алы келбегендер үзүлүп түшүп, Үсөнов Данияр мырзанын "суперидеясы" экенин эбиремиш этишет. Чын-төгүнүн ким билсин, бирок бүгүнкү бийликтин арыгын чаап, каршы сүйлөгөндөрдүн кабыргасын кабыштырганга жанүрөп жаткандары көзкөрүнөө.
Соңку маалыматында да депутаттарды согушуптур. Анда бийликтин жаңы Конституциясына бир миллион доллар сарпталганын, эл өкүлдөрү менен кандай соода жүргөнү айтылат. Алсак, 29 депутат бакиевчил болгондуктан жана жылуу орундарын сактап калыш үчүн "ляппай" дешсе, 8 депутат жеке фирмаларында салыкчылар, финполиция менен болгон чуусунан улам каршы болалбай, 5 депутат мамкызматта иштеген тууган-уругуна зыяны тийбесе десе, 6 депутат өлкө казынасынан өз округдарына каражат бөлдүрүүнүн аракетин көрүп, 2 депутат салыктан жеңилдик алууга кам уруп соодалашкан. Ал эми кежеңдеген 12 депутаттын ооздору 50 миңден 150 миңге чейинки долларбай менен шыкалган имиш. Ошентип Compromat.kg парламентти тынбай шыбай берип, коомчулукка жек көрүндү кылып, көмүскө тилектерин ашырууга максат жалгап турат.
Ал эми кийин жарыяланчу анонсторуна абай салсаң, интернет-сайттын интрига тору дагы далайларды чырмап, жалган жалаалардын ордосун оболотот окшоду. Эми бул саясаттын ыплас ыкмасы дей туралы...

Айтты да, эй!
Кыргызстандагы кызыктай кырдаалга кырдан туруп алып көз кырын салган өзүбүздүн эле кыргыздарыбыз да жок эмес. Аркы өйүзүнө да, берки өйүзүнө да кошулушпайт. Чыдабай кеткенде гана бир обдулуп, ооздорун аарчып, айтып алмайлары бар.
Анын сыңары, мамкызматын өз ыктыяры менен өткөрүп берип, ың-жыңсыз болуп кеткен Коопкеңештин экс-катчысы, мыкты генерал Мирослав Ниязов "Дело №" гезитине берген маегинде: "Кызматтан кеткен себебим - көңүлүм калды. Биздин мамлекеттик системада иштөөнүн мааниси жок экенин сездим... Акаев кеткени эч нерсе өзгөрбөдү. Аткаруу бийлиги президенттик жана премьерлик бутакта "талтайып" отурат. Премьерди болсо көрүнгөнү эле жаш баладай тепкилөөдө. Үстүндө президент, жоопкерчиликти өкмөткө арта салып. А парламент эч нерсеге жооп бербейт... Акыры конституциялык буйткага кабылдык" дейт. Кадимкидей жаны ачыганы байкалып турат. Учурунда Бакиев командасындагы лөктөрдүн биринин айтканы ушул. Бул эмнеден кабар берет? Баамчыл окурманга Бакиев кандай опуртал жолду тандаганын астейдил алдыга сунганы, чектен чыкпаган ченем сөзү.
Ал эми экс-депутат Зайнидин Курманов : "Кыргызстанды 20-30 киши эле башкарып жатат, бирөөсүнө эле бир нерсе жакпаса, өлкө өмгөктөп калууда. Элдин тагдырын бир ууч киши, атүгүл 100 саясатчы чечпеши керек... Ким кыйынсынса, ошонуку туура. Күч көрсөткөн башкаруу келди" дейт. Деген эле киши. Дегендер көп. Биз дагы "деп" эле келатабыз. Бирок бийлик угуп жатабы? Жок. Тескерисинче тетири ушатууда. Же укпайбы, көрбөйбү, акылы жетпейби, же... Көп чекиттер көкөлөйт.

Бакиев-Кулов сахнада, Мадумаров-Үсөнов көшөгө артындабы?
Сыртынан караганда Бакиев жана анын командасы аябай ынтымактуу, бирдиктүү иш алып баргандай түр көрсө-түшөт. Бирок ошол эле Акүйдөн учкан түркүн-түстүү айың кептерди эшитсек, соңку учурда өлкө башкармасы оң колуна жана сол колуна айланганга үлгүргөн Үсөнов Данияр менен Мадумаров Адахамга ичи бышпай, көңүлү сууй түшкөндөй. Экөөнүн да баягыдай Президентке үйрүлүп түшпөгөнү байкалат.
Башкача айтканда, тигил же бул маселеде пикир келишпестиктер келип чыгып, мамкатчы менен вице-премьер-министрдин амбициясы ойноп, көшөгө артында өзүнчө оюн жүргүзө башташканы айтылууда. Өзгөчө акыркы 3-4 айдын ичиндеги саясый окуяларга байланыштуу өкмөт башчысы Ф.Куловдун тандемге бекем экенин далилдеп, Бакиев үчүн төшүн тосуп туруп бергени берки эки "эргулга" өтө эле жакпай калды. Анткени Адахам менен Данияр тээ Акаев заманынан бери эле Ф.Куловду кыртышы сүйбөй, каршы тургандары белгилүү. Анын үстүнө Д.Үсөнов өкмөт башчысы болгусу келгени массалык маалымат каражаттарында канча айтылды. Парламенттеги бакиевчил депутаттар деле Президент үчүн туруктуу туруп берет деп айтыш кыйын. Спикер М.Султанов менен санаалашы А.Келдибековдун да өз кызыкчылыктары бар окшобойбу. Муну "Белый пароход" гезити жазып чыкты. Аталган гезит саясый аренадагы үчүнчү күчтү издеп, түз эле Мадумаров-Үсөнов, Султанов-Келдибековдордун көшөгө артындагы жүрүштөрүн божомолдоп-дөдөмөлдөш-түрүптүр. Буларга экс-акаевчилер М.Садыркулов, М.Абдылдаев, Ж.Рүстөнбеков, М.Керимкулов, А.Ногоевдерди кошушкан. Андай болсо эле Бакиевге кыйын болгон экен.
Ошондуктан азыр Бакиевге Кулов, Куловго Бакиев суудай зарыл, ошондо гана тандем ар кыл саясый күчтөргө туруштук бералат. Ушундан улам Феликс Шаршенбаевич да мурдагыдай коендой болуп компойбой, Президентке ачык эле шарт кое баштады. Чындыгында тандемдин аброю бир топ эле түшүп кеткенине байланыштуу өлкө башчысы менен өкмөт башчысы кардиналдуу жүрүштөргө, кадрдык өзгөрүүлөргө барышы толук мүмкүн. "Тентектик" кылган жаш "реформаторлорун" тартипке чакырып, ордуна коюп коюш да колдорунан келет. Кечээ Ф.Куловдун парламент элегинен өтпөй калганы да саясый оюндардын, соодалашуунун адеттеги көрүнүшү. Тандемдешин сөзсүз өткөрүүгө Бакиев колунан келгенин жасайт.
А оппозицияны кантишет? Ал башка кеп. "Реформа үчүн" кыймылы да жөн жатпай, күн жылыганды күтүп, акыл калчап, жазгы кармашка даярданып жаткан кербези. Акүйү да, Көкүйү да карапайым калкты "саясаттан тажады" деген бүтүм чыгаргандары менен, элдин маанайынан андай деле байкалбайт. Болгону саясый күчтөрдүн эмне кыларын күтүп жаткандай...

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ




  Падышалар

Падышалар тарыхты билишпейби?
Жомок көрүп же көзгө илишпейби?
Эптеп эле бийликке жетип алып,
Эртеңине түкүрүп жүрүшпөйбү.
Падышанын тагында сыйкыр барбы?
Шыбышты угуп, укпаган кыйкырганды.
Туюктардан жол издеп жүрбөсүн деп,
Туулгандан канаты кыркылганбы?
Калптын басаар жолуна
Чынды төшөп,
Падышалар көтөрбөйт сынды дешет.
Жакырлардын терисин сыйрып алып,
Жакындарын чапандуу кылды дешет.
Калк башынан өткөрүп не заманды,
Жер оодарып, кырылды же таланды.
Коктулардан жыйылып кайра чыккан,
Тууга айлантып алышып
жеке адамды.
Эл көтөрсө ошентип падышаны,
Так үстүндө тайраңдап калышабы?
Кумарына бийликтин мас болушуп,
Бүгүнкүсүн эртеси танышабы?
Падышалар бек болсо убадага,
Элин салбайт түйшүккө, убарага.
Калыс жана адилет өкүмдарлар,
Калган окшойт жомокто, уламада.
Ач көз, жалак падыша "элим" дебейт,
"Элим" деген падыша элин жебейт.
Сөөгү сөпөт болсо да кылым өтүп,
Падышанын күнөөсү жеңилдебейт.

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ, Байдылда Сарногоев атындагы Эларалык сыйлыктын ээси, Карабуура району









'Бишкек таймс' гезити
соңку саны:



'Алас' гезити
соңку саны:



'Кєк Нуру' гезити
соңку саны:


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
на сайте на Народ.Ру на Яндексе



Hosted by uCoz